Башкы прокуратура абактан мыйзамсыз чыккандарды кайра кайтуусун талап кылды

Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерге эскертүү берип, аларды колонияларга кайтып келүүсүн талап кылды.

Көзөмөл орган учурда сот жана Аскер прокуратурасы тарабынан төмөнкү кишилерге карата иштер тергелип же каралып жатканын эскертти: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов, Атамбаевдин жансакчылары Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, экс-депутаттар Равшан Жээбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фархад Баабиев, Рустам Карыпбек уулу, Каныбек Осмоналиев, мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Жалал-Абаддын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов. Алардын арасында соттун чечими менен эркинен ажырагандар да бар.

«Аталган кишилер, камакта кармоо тартибин бузуп, сот жана абактын администрациясынын кызматкерлерин өлтүрүү жана ур-токмокко алуу менен коркутушкан. Алар 2020-жылдын 5-6 октябрда болгон оор кырдаал менен пайдаланышып, жазасын аткарып жаткан жайлардан мыйзамсыз түрдө чыгып кетишкен», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Башкы прокуратура эгерде бул талап аткарылбаса абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерге катуу чара көрүлөөрүн белгиледи. Жазык кодексинде бул аракеттер үчүн «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» жана «Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерин коркутуу же ага карата зомбулук кылуу» беренелери боюнча жоопкерчилик каралган.

Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жакын тарапташтары абакка кайтарылган. УКМК аларды «Массалалык башаламандыктарды уюштуруу» иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармады.

*9-октябрда өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаровдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчы ӨмүрбекБабановдун тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Жапаровду премьер катары бекитти.

6-октябрга караган түнү тарапташтары тарабынан абакта жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаров да бошотулган. Ошол эле күнү Жогорку сот буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, Жапаровдун ишин кайрадан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Садыр Жапаров Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп табылып, 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Кийичерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан. Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган.