Жер казынасын пайдалануу тармагына өзгөртүүлөр сунушталды. Алар эмне тууралуу?

Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу маселелери туралуу» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу жана иштетүүгө байланыштуу колдонуудагы мыйзамдарга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизет — көбүнесе, Жер, Салык, Бюджет жана башка кодекстерге.

Ошондой эле ал республикада уран, торий жана калдык сактоочу жайларды иштетүүгө уруксат берет.

Эки жыл мурда калктын ден соолугун коргоо, айлана айлана-чөйрөгө кам көрүү жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында уран казууга тыюу салынган болчу.«Клооп» мыйзамдын долбоорун карап чыгып, анын кызыктуу жагдайларын айтып берүүнү чечти.

Иштетсе мейли, рекультивацияга болбойбу?

Жер кодексин жер участоктору «жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтүнө» жана «убактылуу пайдаланууга гана» берилген ченемдер менен толуктоо сунушталып жатат.

Ошол эле кезде, Жер кодексинин пайдалануудагы версиясына ылайык, жер казынасын пайдалануучу лицензиясы аяктагандан кийин рекультивация кылууга милдеттүү. Тактап айтканда, иштеткен жерди экономикалык жана экологиялык жактан калыбына келтирип бериши керек.

Бирок энергетика министрлиги сунуштаган түзөтүүлөрдө бул ченем негедир жазылган эмес.

Ошондой эле Жер кодексине жер тилкелеринде менчик ээсинин макулдугу жок эле илимий изилдөө жүргүзүүгө уруксат берген түзөтүү сунушталууда.

«Геологиялык картаны түзүүдө жана региондук геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөрдө жер участогун ажыратуу жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, ошондой эле жерге укук ээсинин макулдугун алуу талап кылынбайт», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Ошентсе да, жердин ээси жер казынасын пайдалануучулар менен өзүнө тиешелүү аянтта иш жүргүзүү тууралуу келишим түзүүгө же баш тартууга укуктуу.

Жаңы салык

Салык кодексин кыскартуу сунушталууда: тоо кен казуучу жана тоо кен иштетүүчү ишканаларына салык салуунун дээрлик бардык өзгөчөлүктөрүн «республиканын жер казынасы тууралуу мыйзамына» которулууда.

Андан тышкары, салык төлөөчү жер казынасын пайдалануучуларга жаңы түшүнүк киргизилди — кен байлыктарды казуу жана иштетүүдө «ченемден ашык жоготуулардын ордун толтуруу».

Бул жоготууларды эсепке алуу тартиби жана ордун толтуруу системасы эмнегедир долбоордун өзүндө жазылган эмес — болгону алар «Кыргыз Республикасынын жер казынасы тууралуу мыйзамынын негизинде аныкталары» көрсөтүлгөн.

Бюджеттин жаңы булагы

Бюджет кодексин республиканын атайын эсептерин «жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын» жана «жер казынасын пайдалануу укугуна аукционго катышуу үчүн жыйымдын» эсебинен толтурууга уруксаты менен толуктоо сунушталууда. Ошол эле учурда жер казынасын иштетүү конкурстарынын катышуучуларынан алынуучу азыркы жыйымды алып салуу сунушталып жатат.

Бузуулардын жаңы түрлөрү

Бузуулар жөнүндө кодексти укук бузуунун жаңы түрү менен байытуу сунушталды: «ошого тете пайдалуу кендер жаткан аянтка өзү билип курулма куруу», «өзүм билемдик менен жер казыналарын ээлеп алуу».

Ошондой эле, жер астындагы сууларга режимдик байкоо скважиналарын, маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылуу же бузуу үчүн жазалоо сунушталып жатат.

Атаандаштыкка кийлигишүү укугу

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин демилгеси менен «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамды кеңейтүү сунушталууда. Маморгандарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дагы деле бардык тармактарда атаандаштыкка кийлигишүүгө тыюу салгылары келет — «жер казынасын пайдалануу менен байланыштуу маселелерди эске албаганда».

Бул эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, анда маморгандар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү компаниялардын бири менен физикалык жактарга басмырлоо кылынган шарттарды түзүп, башкалары үчүн өздөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандай кылып жагымдуу шарттарды түзө алышат дегенди билдирет.

Ал эми «Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамды министрлик кыскартууну сунуштайт: жер казынасын пайдалануу тармагындагы лицензиялар «жер казынасы жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынат».

Кыргызстандын кен байлыктары жөнүндө жаңы мыйзам

Жер казынасы жөнүндө кодекске түзөтүүлөр президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» бешинчи жарлыгын ишке ашыруу үчүн иштелип чыкты.

Мамлекет башчысы ал жарлыгында болочоктогу жаңы «Кен кодексине» кандай ченемдер кириши керектигине токтолгон. Мисалы, президенттин жарлыгы боюнча жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүүгө мүмкүндүктү уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуучу компаниялар гана алат.

Жапаровдун оюнча жаңы Кодекс 2021-жылдын 1-июлуна чейин иштелип чыгышы керек болчу. Энергетика жана өнөр жай министрлиги биринчи редакциясын июнда эле даярдаган, бирок анда мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулугу тарабынан көптөгөн эскертүүлөр менен сунуштар айтылган.

Кодекс иштелип, жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатканда минкаб жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн жаңы тартибин бекитти. Ага ылайык, 100% мамлекеттик үлүшү бар өнөр-жай ишканаларына геологиялык изилдөө жана конкурстук жана акциондук участкаларда кен казуу үчүн лицензия алуу жеңилдеди.