Бишкек мэриясы «унаа токтотуу жайларынын заманбап системасын» түзүүнү убадалады

20-сентябрда Бишкек шаардык мэриясы муниципалитет жакын арада калаанын унаа токтотуучу жайларын модернизациялоону пландап жатканын билдирди.

Эмне иш кылынат?

Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкекте паркинг системасын иретке келтирүү пландалууда. Ал үчүн мэрия биринчи кезекте, шаардын көчөлөрүндө иштеп жаткан муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, базарларда, сейил бактарда жана эл көп чогулган жерлерде системаны автоматташтыргысы келет.

«Келечектеги унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык комплекстерге негизделген заманбап системалар менен жабдылат, бул оператордун катышуусун кыскартат. Натыйжада шаардагы бардык унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилип, шаар тургундары заманбап, таза унаа токтотуучу жайларга ээ болушат», — деп билдиришти мэриядан.

Бул ишти тез арада ишке ашырыш үчүн калаа мэриясында маселенин үстүндө иштей турган жумушчу топ түзүлөт.

Калаанын унаа токтотуу жайлары

Бишкектеги көйгөйлөрдүн орчундуусу — унаа токтотуучу жайлар. Жыл өткөн сайын борбор калаада унаалардын саны өскөнү менен унаа токтотуучу жай жетишсиз болуп барат.

2021-жылдын мартында 24.kg басылмасынын журналисттери Бишкектеги жол инфраструктурасынын оңдолушу боюнча жүргүзгөн талдоосунун негизинде материал жарыялашкан. Материалда калаа бийлиги тротуарларды эмес, жолдорду оңдоого артыкчылык берери белгиленген.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы жети жылда Бишкекте автоунаалардын саны 40%га өскөн. 2020-жылдын башына карата борбор калаада 400 миңден ашуун автоунаа катталган. Алардын ар бирине орто эсеп менен унаа токтотуучу жайдан 9 чарчы метр жер керек, ошондо жалпы 376 гектарды ээлейт.

Журналисттер Бишкекте автоунаалар ээлеген жердин реалдуу аянты кыйла көп экенин белгилешет, себеби автоунаа үчүн жок дегенде эки унаа токтотуучу жай колдонулат — үйдүн жана жумуштун жанында.

Натыйжада айдоочуулар унаа токтотуу үчүн дайыма жөө жүргүнчүлөр баскан тротуарларды колдонушат. Бирок журналисттер тротуарлар паркинг катары колдонулгандыктан жөө жүргүнчүлөр чоң коркунучка тушугуп жатканын белгилешет — адамдарды тротуарлардан жана үйдүн короолорунан сүзүп кетишет.