Ачык эле добуш сатып алуу, шайлоочуларга басым жасоо, мыйзамсыз агитация — Кыргызстандагы ар бир шайлоо өнөктүгү жүздөгөн одоно мыйзам бузуулар менен коштолот. Бирок аларды токтотууга бийликтин күчү жетпейт, анткени мыйзам бузгандарды өз учурунда кармоо өтө эле сейрек кездешет. Негизи эле, мындай иштерди түп тамырынан жок кылууга эч ким кызыктар эместей, жада калса БШК шайлоодогу мыйзам бузууларды кол учунан эле иликтейт.

«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча кезектеги референдум өткөн. Өлкөдөгү шайлоо участкаларында «Клооптун» эки миңден ашык байкоочусу шайлоо мыйзамын бузуунун 840 ар түрдүү учурун катташкан.

Алардын баары доо арыз катары таризделип, кийин БШга жөнөтүлгөн. Апрель айында жиберилген арыздардын үчтөн биринин автору болгон «Клооптон» тышкары БШКга коомдук уюмдардан, саясий партиялардан, депутаттыкка талапкерлерден жана жарандардан билдирүүлөр келип түшкөн. Жалпысынан БШКнын реестринде 650дөн ашык арыз катталган.

Бул рекорддук көрсөткүч болду. Жыйынтыгында, шайлоодон бир ай өткөн соң БШК үч шаардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды — Токмокто, Ошто жана Бишкете.

Арыздарды кароонун жүрүшүндө ар бир кайрылуу боюнча чечим БШКнын сайтындагы атайын бөлүмгө жарыяланган. Биз бул документтердин бардыгын көчүрүр алып, анализдеп, жыйынтык чыгардык: айрым дооматтарга БШК шек туудурган көңүл кош мамиле кылганын аныктадык.

БШК баарын туура кылганда

Арыздардын биринде шайлоо алдында, 2021-жылдын 5-апрелинде Ош облусунун Өзгөн шаарында улуттук күрөш боюнча спорттук мелдеш өткөнү жазылган. Кайрылуунун авторлорунун айтымында, оюндун уюштуруучусу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутаттыка талапкер болгон, «Анвар-Повон» каймана аты бар Абдукаимов болгон. Салтанаттан тышкары көрүүчүлөргө баалуу белектерди да убада кылышкан. Иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталган эмес, ал эми иш-чарага аралашып жүргөн укук коргоо органынын кызматкерлери шайлоо мыйзамынын бузулушуна эч кандай реакция кылган эмес.

БШК башында билдирүүгө көңүлкош мамиле кылган. Милиция текшерүү жүргүзүп, Анвар-Повон иш-чарада балбан катары чыгып, добуш сатып алуу менен алектенген эмес деген жыйынтыкка келген. Арыз архивге жөнөтүлгөн.

Шайлоодон эки жума өткөн соң күтүлбөгөн жерден тергөө жанданып, ал тургай «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кылмыштын белгилери жоктугуна байланыштуу иш кыскартылган. Ага карабастан БШК Анварбек Абдукаимовду «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыгарууну сунуштаган. Ошентип, Анвар-Повон шайлоодон четтетилген.

Ушундай эле окуя Ошто да катталган. Марттын аягында БШКга «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын эки үгүтчүсү жергиликтүү тургундарга азык түлүк салынган баштык таратып, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, шаардын вице-мэри Жасур Азимов берип жибергенин айткан видео келип түшкөн.

Азимовго каршы кылмыш иши козголуп, бир ай өткөн соң кылмыштын курамы жоктугунан улам токтотулган. Бирок ишти токтотуу боюнча чечим чыкканга чейин эле Азимовду партия тизмесинен четтетишкен.

БШК даттанууларды иликтебегенде

Бирок арыздар реестринде Боршайком тийиштүү денгээлде көңүл бурбаган олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу 15 билдирүү бар.

Биринчи окуя. Март айынын аягында Токмок шаарынын шайлоочулары «Эмгек» партиясынын үгүт штабынын үстүнөн арызданышкан. Алар «Большой» каймана аты бар ( БШКнын реестринде дал ушундай жазылган — «Клооп») УКТнын активдүү мүчөсү коркутуп жатканын, ал эми милиция арыздарга «реакция кылбай», «чара көрбөй жатканын» айтышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери суракка алынган. Алар «бизди эч ким коркуткан жок, кысым болгон жок» деп билдиришкен. «Большойдун» ким экени дагы аныкталган, ал сурак учурунда саясий партияларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Иликтөөнүн деңгээли: Бандиттин сөздөрүнө ишенүү керек.

Экинчи окуя. Борбор калаадагы үйлөрдүн биринин квартал башчысы апасы менен бирге «Эмгек» партиясына үгүт жүргүзгөн. Үгүт иши шайлоо күнү участкадан алыс эмес жерде токтоп турган унаанын ичинде өткөн.

Бул участкага бекитилген милиция кызматкери арызда сүрөттөлгөн унааны токтотуп, айдоочуну суракка алган. Ал байкесине келгенин жана үгүт иши менен алектенбегенин айткан. Квартал башчысына да чалышкан. Ал үйүндө оорукчан апасын карап жатканын айткан.

Иликтөө деңгээли: Телефон чалып, мыйзам бузгандардын ден соолугунан кабар алуу жетиштүү.

Үчүнчү окуя. Ырчы Анжелика Кайратова Бишкек шаардык кеңешине «Биздин эл» партиясынан талапкер болгон. Март айында ал инстаграм барагында батир ойноткон. Бул тууралуу ЖМКлар да жазылган. Боршайком партия өкүлү Асылкүл Сасыбаеваны чакырган, ал ойнотулган батир ырчыга таандык эместигин айткан. Милиция дагы бул версияга макул болгон: укук коргоо кызматкерлери талапкер Кайратова материалдык баалуулуктарды өз атынан таратпаганын айтышкан.

Иликтөө деңгээли: Батир ойнотуу — материалдык баалуулуктарды таратуу болуп эсептелбейт.

Төртүнчү окуя. Март айында «Улуттар биримдиги» партиясынын беш талапкери мурда болуп көрбөгөндө кысымга кабылганын айтып чыгышкан: жетекчилик аларды шайлоого катышканы үчүн кызматтан кетүүгө мажбурлаган. Даттануу материалдары ИИМге өткөрүлүп берилген, бирок иш дароо жабылган: текшерүүдө арызда «өз каалоосу менен жумуштан кеткени» жазылганы аныкталган.

Иликтөө деңгээли: Сени жумуштан кетүүгө мажбурлап жатышабы? Эч кандай мыйзам бузуу жок, анткени сен өз колуң менен: «өз каалоом менен кеттим» деп жазгансың.

Баары силерге чейин эле уурдалган каралган

«Клооптун» юристтери шайлоо аяктаган соң биздин байкоочулар Бишкекте каттаган мыйзам бузуулардын бардыгына далилдерди чогултуп Бишкек АШКсына 77 арыз жөнөткөн.

Добуш берүүдөн бир жума өткөн соң комиссия «Клооптун» арыздарын карап, 33 шайлоо участкасы боюнча чечим кабыл алган, калган арыздар четке кагылган.

Кийин «Реформа», «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан комунисттеринин партиясы», «Улуу Журт» саясий партиялары «Клооптун» далилдер базасы менен таанышкан соң, ошол эле участкалар боюнча арыз менен кайрылышкан. Алар арыздарында «Клооп» каттаган мыйзам буузууларды жана өз байкоолорун көрсөтүшкөн.

Мисалы, Бишкектеги №1206 участкасында байкоочулар аскерлерди массалык түрдө ташып келип жатканын видеого тартып алышкан. Бирок биздин юристтер бул факты боюнча БШКга арыз менен кайрылышкан эмес.

Реформа партиясы бул окуяны арызына кошуп, системага ылайык аталган шайлоо участкасында шайлоодо референдумга караганда 200 адам аз добуш бергенин кошумчалаган. Мындан тышкары, партия башка шайлоо участкалардагы мыйзам бузуулар боюнча да арызданышкан: добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу жана мыйзамсыз үгүт иши боюнча.

Бирок Бишкек АШКсы «Реформанын» үч участка боюнча арызын четке каккан. Алар №1206 участкасы боюнча «Клооптун» таптакыр башка мыйзам бузууларды билдирген арызы каралып чыкканын билдирген.

№1011 шайлоо участкасында добуш сатып алуу фактысы катталган. Байкоочу тартып алган видеодо милиционер участкадан чыккан кызды ээрчий чыгып, акча ала кет деп айтканын көрүүгө болот.

Бул арыз дагы каралбай калган.

Жалпысынан «Клооптун» байкоочулары жиберген далилдердин негизинде БШКга ар кайсы саясий партиядан тогуз арыз келип түшкөн. Алардын сегизи каралбай, бирөө гана канааттандырылган.

Мыйзамга ылайык, ар бир арыз өзүнчө каралып, ал боюнча чечим негиздүү жана толук болушу керек. Бирок айрым учурда участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынганын пайдаланып, мисалы, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, БШК арызда баяндалган добуш сатып алуу же мыйзамсыз үгүт сыяктуу башка одоно мыйзам бузууларды иликтөөдөн баш тарткан.

Жарыяланган бардык даттанууларды анализдеп көрүп, шайлоодогу мыйзам бузуулар кандай иликтенерин аныктадык. БШКнын маалыматына ылайык, мыйзам бузгандар менен телефон аркылуу баарлашуу, жабырлануучулар менен үстүртөн маектешүү жана партия өкүлдөрү менен көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр кандайдыр бир ишти жабууга жетиштүү негиз болуп саналат.

Бул «иликтөөлөрдүн» канчасы чындык — сиз чечесиз, бирок азырынча эске салып кетчү нерсе: өлкөдөгү шайлоонун ачык-айкын жана таза өтүшүнө дал ушул БШК жооптуу. Ал эми мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгү учурундагы добуш сатып алуу жана катышуучуларга кысым болгон учурларды иликтөө менен укук коргоо органдары алектенет, деген менен акыркы сөз — мыйзам бузган адам бийликке барабы же шайлоодон четтетилеби — баары бир Боршайкомдо калат.

Сиздин арыз дагы ушулардай болуп калбашы үчүн «Арызды сөзсүз кабыл алгыдай кылып кантип жазса болот» деген эскертме жаздык.

Дагы окуңуз:

Апрелдеги шайлоонунун жыйынтыгын жокко чыгарууга БШКны эмне түрткү кылды?

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу эмнеге референдумга да таасир этиши керек эле?

Эмнеге Кыргызстанда референдум шайлоо менен бир күндө өтөт?

Анализ: 11-апрелдеги шайлоодо жүздөгөн протоколдор оңдолуп чыкканы аныкталды

Авторлор: Гүлзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева

Айзирек Алмазбекова, Айгерим Казыбаева

Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов