Үстүбүздөгү жылдын февралында Башкы прокуратура өзүнүн расмий сайтын жаңылаган. Сайттын дареги ошол эле бойдон калган — prokuror.kg, болгону сырткы көрүнүшү өзгөргөн.
Бирок Башкы прокуратуранын сайтынын жаңыланган дизайны «Клооптун» журналисттери байкаган жалгыз өзгөрүү эмес. Сайт жаңыланганга чейинки пресс-релиздерди издөөдөн майнап чыкпаган соң, алар орду-түбү менен жок болгону түшүнүктүү болду.
Шашылып, жаңылыш жыйынтык чыгарбаш үчүн журналисттер Башкы прокуратурага расмий карылып, сайт жаңыланганга чейинки маалыматты кайдан алсак болот деген суроо узатышты.
Суроого өтө жөнөкөй жооп келди, төмөндө толугу менен беребиз.
«2021-жылдын 5-февралынан тартып Башкы прокуратуранын www.prokuror.kg сайты толугу менен жаңыланды. Эски сайттагы бардык материалдар менен маалыматтарды техникалык себептерден улам калыбына келтирүү мүмкүн болгон жок», — деп айтылат прокуратуранын жообунда.
ИИМ, парламент жана салык кызматы дагы ошондой
Башкы прокуратуранын сайтынан сырткары, жакында эле ИИМдин сайты да жаңыланган. Анда да дизайны өзгөртүлүп, бирок жаңылыктар архиви менен пресс-релиздер жок болуп кеткен. Бул боюнча ведомство расмий пикирин айта элек.
Парламенттин сайтында мурда жарыяланган мыйзам долбоорлорунун базасында дагы ушундай эле көйгөйлөр бар. Расмий версия боюнча, база 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин Ак үй талкаланганда жоголгон.
Ал эми Ак үйдү калыбына келтирүү учурунда Жогорку Кеңештин расмий сайты жайгашкан сервер жок кылынганы аныкталган. Кийин ал калыбына келтирилген, бирок жарым жыл өтсө да парламенттин мыйзам долбоорлорунун маалымат базасы калыбына келтирилбей жатат.
Азыр анын көрүнүшү ушундай:
Чиновниктердин актуалдуу декларациясы тууралуу маалымат алууда дагы маселе жаралып келет. Анткени, коронавирус пандемиясынан улам бийлик декларация тапшыруу убактысын жылдырууну чечкен.
Андан соң документти тапшыруунун убактысын мыйзамга киргизилген дагы бир түзөтүү жылдырган: Мамлекеттик салык кызматы 2019-2020-жылдардагы активдер тууралуу декларацияны 2021-жылдын ноябрь айында гана жарыялайт.
Маалыматтарды жоготуу эмнеге жакшы эмес?
Мамлекеттик органдар, анын ичинде Башпрокуратура жарыялаган маалыматтар жарандар үчүн да, коомчулук үчүн дагы баалуу болуп саналат.
Өлкө ведомствосу жарыялаган пресс-релиздер жана башка маалыматтарды журналисттер жаңылык гана эмес, иликтөө үчүн да пайдаланышат.
Кыргызстанда «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзам бар. Бул мыйзам республикадагы бардык маморгандардын ишинин ачык айкындуулугун камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.
Актуалдуу маалыматтын сайтка жайгаштырылышы ведомстволорго ал мыйзамдын аткарылышын жеңилдетет. Ал эми архивдик маалыматтардын өчүрүлүшү жана аларды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогону мыйзамдын аткарылышынан күмөн санатат.
Сайттан сырткары, ЖМКнын маалымат алуу үчүн маморгандарга расмий сурам жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок расмий сурамдын жообун эки апта, кээде андан да көпкө күтүүгө туура келет. Мунун баары журналисттерге өз ишин аткарууда, бийликтин туура эмес кадамдары тууралуу коомчулукту кабарлап турууда тоскоолдук жаратат.
Чиновниктердин декларация тапшыруу мөөнөтүн артка жылдыруу — бул дагы көйгөй. Декларация тууралуу маалымат болбосо, шайлоого катышып жаткан азыркы же мурдагы чиновниктин күмөндүү активдерин же компанияларын, мыйзамсыз боюуга, бузууларга тиешеси бар-жогун аныктоо мүмкүн эмес.
«Клооп» жана OCCRPнин журналисттери жогорку кызматтагы чиновниктер менен парламент депутаттары 2010-жылдан 2018-жылга чейин тапшырган миңден ашуун декларацияларды изилдеп, төмөндөгүдөй тенденцияны байкашкан: ансыз дагы өп-чап маалымат барган сайын азайып, сапаты дагы төмөндөгөн. Ал тургай, көзөмөл алсыз, аз келгенсип туруктуу болбогондуктан коррупция менен күрөшүүнүн ушул куралы тек гана формалдуулукка айланып калган.
Дагы окуңуз: