ТИМ: Кызыл крест кыргызстандык балдарды Сириядан кайтарууга көмөктөшөт

Сүрөт: ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кызыл кресттин президенти Питер Мауэр менен 23-сентябрда жолукту.

«Жолугушууда негизги басым Сириядан Кыргыз Республикасынын жарандары-балдарды мекенине кайтаруу маселесине Эл аралык Кызыл крест комитети тарабынан жардам көрсөтүүгө бурулду», — деп билдирди ТИМ.

Министрлик Мауэр кичинекей кыргызстандыктарды мекенине алып келүүгө толугу менен даяр экенин билдиргенин кошумчалады.

2021-жылдын март айында Кыргызстан Сириядагы балдардын бир бөлүгүн алып келген. Жакынкы Чыгыштан кайтарылган 79 бала Чүй облусундагы балдар борборуна жайгаштырылган — алар менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жолуккан. Балдардын жаш курагы 2ден 18 жашка чейин — бардыгы аталган борбордо реабилитациядан өтүшкөн.

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп саналат, анткен менен аялдар жана балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Кыргызстандыктарды азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кетишкен. Көбүнчө ал жакка көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

Аялдар менен жаш балдарды кайтаруу аракети

Бийлик кыргызстандык балдарды согуш аймактарынан кайтарып келүүнү көп жылдан бери убадалап келе жатат. Алардын туугандары бир нече жолу митингге чыгышкан, бул маселеге көңүл бурган коомдук уюмдар дагы бар — алардын баары балдарды мекенине алып келүүнү көздөйт.

Террордук топтордун азгырыгынан улам Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга барып калган аялдар менен жаш балдарды алып келүү өтүнүчү менен кыргызстандыктар бийликке бир нече жылдан бери кайрылып келишет. Ал тургай кыргызстандык активисттер Сирия жана Ирактан өз эсебинен 150 эне-баланы Кыргызстанга кайтарып келүүгө жана аларды реабилитациялоого даяр экенин билдирген.

2020-жылдын август айында Сирияга кеткен кыргызстандыктардын жакындары ошол кедеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аялдар менен жаш балдарды өлкөгө алып келүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн. Акциянын катышуучулары учурда Сириядагы «Аль-Хол» качкындар лагеринде жүздөн ашык кыргыз аялдары жүргөнүн жана алардын ар биринин бир нече балдары бар экенин айтып беришкен.

«Аль-Хол» — бул Сириянын түндүгүндө жайгашкан мурдагы ИГИЛ согушкерлеринин аялдарына арналган лагерь.

2019-жылдан баштап Казакстандын бийлиги Жакынкы Чыгышта согуш аймактарынан өз жарандарын алып кетүү боюнча операцияларды жүргүзүшкөн. Расмий маалымат боюнча, «Жусан» операциясынын алкагында Сириядан 600 казак жараны, анын ичинде 400 бала чыгарылган.

Ошол эле жылы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу кабарлаган. Өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Өзбекстан жана Тажикстан да мекендештерин согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактан чыгарып кетүү аракетин улантууда. Кыргызстан 2021-жылдын март айында өз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуациялоону убадалаган. Аларды Кыргызстанга алып келүү тууралуу дагы сөз болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам иш токтоп калган.

Дагы окуңуз: Сириядагы кыргызстандыктар жана алардын кайтып келишине ишенгендер тууралуу окуя

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне