Инвестициялар министри Шыкмаматов шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетет

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кетип шайлоого катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда Жапаров Шыкмаматовду кабыл алып аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча маалыматын уккан. Анын алкагында Шыкмаматов отставкага кетип, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети бар экенин айткан.

Анда президент Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин белгилеп, «аткарган иштери үчүн» ыраазычылык билдирген.

Мындан сырткары президент Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» чинин ыйгарган.

Президенттин басма сөз кызматы Шыкмаматов кызматка келгенден кийин чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Ошондой эле 2021-жылы жалпы суммасы 75 млн АКШ долларлык эки долбоор ишке киргенин, суммасы 323,5 млн АКШ долларды түзгөн 5 долбоор иштелип жатканын жазды.

Шыкмаматов шайлоого бир мандаттуу округдан барабы же партия менен катышабы азырынча ачыктала элек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Жапаровдун штаб башчылыгынан министрликке

Алмамбет Шыкмаматов февраль айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мекеме Инвестициялар министрлиги болуп өзгөргөн.

Ал эми президенттик шайлоодо Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген. 2020-жылдын 4-октябрында өтүп жыйынтыгы жокко чыгарылган параламенттик шайлоого болсо ал «Бир Бол» партиясын жетектеп барган.

2015-жылы болсо «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына келип, 2017-жылдан тарта фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен.