ЖМК: Шыкмаматов Инвестициялар боюнча агенттигинин директору болду

Алмамбет Шыкмаматов

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 11-февралда кол койду.

Маалыматты Шыкмаматов «Vesti.kg» басылмасына өзү тастыктады. «24.kg» басылмасы маалымдагандай, агенттик депутаттардын демилгеси менен жаңыдан түзүлүп, президенттин карамагына өткөрүлөт.

Шыкмаматов президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген. Ал эми былтыр өткөн параламенттик шайлоого ал «Бир Бол» партиясынын тизмесинде 1чи болуп турган.

2015-жылы ал «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына шайланып, 2017-жылдан тарта фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен.