Шыкмаматов Текебаев менен келишпестиктерден улам мандатын тапшырып, «Ата Мекенден» кетти

Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтү

«Ата Мекен» фракциясын жетектеген Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпегенден улам депутаттык мандатын тапшыргандыгы жана партиядан кеткендиги тууралуу маалымдады. Ал муну «жүрөгү ооруп, кабыл алганын» жана ага мындай чечимди кабыл алуу «өтө оор» болгонун билдирди.

Шыкмаматов Текебаев менен кайсыл келишпестиктерден улам мандатын тапшырып бергендигин ачыктаган жок — бул тууралуу ал кийинчерээк айтып берет.

«“Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык" аралап өттү. Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам. Негизгиси, мен партиядан чыгайын деп чечтим. Себеби, мен үчүн бала кезден баштап 50 жашка чыкканга чейин ар дайым жеке ар-намысым мандаттан да, кызматтан да жогору», — деп билдирген ал «Азаттыкка».

Борбордук шайлоо комиссиясы Шыкмаматовдун арызы боюнча депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын ордуна ӨКМ министринин мурдагы орун басары жана «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиев депутат болот.

Шыкмаматовдон тышкары, партиядан дагы төрт депутат кеткен. Алар: Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рысбек Мырзаматов жана Болот Шер.

Алмамбет Шыкмаматов 1999-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген. Ал 2015-жылы парламенттин депутаты жана фракциянын лидери болуп, «Ата Мекен» партиясындагы карьерасын баштаган.

Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» социал-демократиялык партиясын 1992-жылы түптөп, бүгүнкү күнгө чейин лидери болуп келет.