Жайма базарга каршы: Ош базарынын соодагерлери мэриянын алдына кезектеги митингге чыкты

4-октябрда Бишкек мэриясынын алдында Ош базарынын сатуучуларынын митинги өттү. Алар нааразылыгын өзгөчө ыкма менен билдиришти — сатуучулар товарын кол арабаларга жүктөп алып, муниципалитеттин алдына «сатып түгөтүү» акциясын уюштурду.

«Жайма базарлардын айынан соодабыз жүрбөй жатат. 2 жылдан бери эч кимге үнүбүз жетпей жатат. [Товарлар] өтпөй калып, салыктарды төлөй албай жатабыз», — деп билдирди митингчилердин бири.

Анын айтымында, алар муниципалитеттин кызматкерлери «көрүнгөн жерде соода кылууга уруксат берип жаткандыктан» мэриянын алдында соода митингин уюштурууну чечишкен.

«Мыйзамга баш ийген соодагерлер жабыркап жатат. Акимиат менен мэрия мыйзамдуу иштеген соодагерлерге эч кандай колдоо көрсөтпөй жатат», — деп билдирди акцияны баштап чыккан соодагер аял.

Жайма базарлар менен күрөшүү

Ош базарынын сатуучулары бир нече жолу митингге чыгып, мэриядан жайма базар маселесин чечүүнү талап кылышкан. Алар соодагерлер ижара акысын, салык төлөп иштеп жаткан чакта жайма базардагылар мыйзамсыз иштеп жатканына нааразы.

Мэриянын кызматкерлери менен милиция Ош базарына маал-маалы менен рейд жүргүзүп, базардын айланасын мыйзамсыз соода күркөлөрүнөн тазалашат. Бирок мындай иш-чаралар дайыма эле тынч өтпөйт.

Январда соцтармакта Бишкектин батышындагы Ош базарында соодагер аялга кол салган видео тараган. Жайма базарда турган аялдардын жанына эркек киши келип, товарды жерге ыргытып, милиция кызматкерлерин чакырган.

Андан кийин 10-февралда соодагер аял соода күркөсүн бербей иш ордун коргоп жатканы тартылган видео пайда болгон. Ал учурда талаш-тартыш башталып, милиционерлер аялдын колун кайрыган.

Милиция укук коргоо орган кызматкерлери «рейд учурунда тартип жана коопсуздукту гана камсыздап турду» деп ишендирип, эч милиция орой мамиле жасады деп даттанбаганын айтышкан.

Мындан улам видео коомчулукта резонанс жараткан. Соодагерлер бийликтин ишине нааразылыгын билдиришкен. Алтымышка жакын адам Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, шарт түзүп берүүнү, ижара акысын арзандатууну же мыйзамдуу иштөө үчүн өзүнчө жер бөлүүнү талап кылышкан.

«Биз ордубуз үчүн акы төлөйбүз, бирок мыйзамсыз жол менен. Биз патент менен иштөөгө макулбуз. Анда бизге шарт түзүп беришсин! Мыйзамдуу түрдө иштегенге уруксат беришсин. Бул жерде болбосо дагы башка жерде, бирок Ош базарынын аймагында болсун. Биздин барыбыздын балдарыбыз бар, насыябыз бар. Биз дагы бир нерсе кылып жашашыбыз керек!» — деген митингчилердин бири.

Ошол эле күнү соодагерлердин митингине Ленин райондук акимиаты үн катып, алардан нааразылыкты токтотууну суранып, башаламан соода түйүндөрүн жоюу иши улантыларын айтышкан.

Ошондой эле муниципалитет соода кылуу үчүн сатуучулардан акчаны чиновниктер эмес, базарды өз ара бөлүштүрүп алган «бейформал» лидерлер чогултуп жатканын бышыкташкан. Укук коргоо органдары алар ким экенин жана ал кандай иштерин аныктоону убада кылган.

Дагы окуңуз: Орто-Сай базарынын айланасында мыйзамсыз соода түйүндөрү алынды