Орто-Сай базарынын айланасында мыйзамсыз соода түйүндөрү алынды

Бишкектеги Орто-Сай базарынын айланасында товарын жайып соода кылган 40тай соода түйүнү тазаланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет кааладагы базарлардын тегерек четинде мыйзамсыз соода кылгандар менен күрөшүү улантыларын айтты. Ошондой эле, базардын айланасында соода-сатык кылгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэрия Бузуулар кодексине ылайык, мыйзамсыз соода кылгандарга үч миң сом айып пул салынаарын эске салды.

Мыйзамсыз соода кылгандардын митинги

Буга чейин, 5-февралда Бишкектеги Ош базардын айланасында мыйзамсыз соода кылган 50-60га жакын соодагер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. Алар мэриянын өкүлдөрү менен милиция кубалап жатканын айтып, шарт түзүп берүүнү, ижара акысын арзандатууну же мыйзамдуу иштөө үчүн өзүнчө жер бөлүүнү өтүнүшкөн.

Мындан тышкары, митингге чыккандардын бир бөлүгү мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин отставкага кетишин талап кылышкан. Себеби, алар мэр «элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат» деп билдиришкен.

«Турба Алмакан, эч турба!»

Ош базарда рейд учурунда, соцтармакта товары жайылган арабаны милиционерлерге бербей кучактап ыйлап жаткан аялдын видеосу тараган. Анда арабанын үстүндө жаткан соодагер аялга «Турба Алмакан, эч турба!» деп кыйкырган үндөрдү угууга болот.

Бирок ыйлаган аял бир арабасын тарттырып жиберген.

Бул видеодон соң интернет колдонуучулары нааразылыгын билдирип, бийлик алгач иш менен камсыз кылышы керектигин айтышкан.

Видео тарагандан кийин, Алмакан айымды Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан Ленин районунун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана тийиштүү документи жоктугу аныкталган.

Район башчысы келинге туруктуу каттого турууга, ким экенин тактоочу документтерди алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация ага социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирген.