Ош базары: Жайма базардын сатуучулары бийликтен шарт түзүп берүүнү талап кылды

5-февралда Бишкектеги Ош базардын айланасында мыйзамсыз соода кылган 50-60га жакын соодагер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

Митингчилер базардын айланасында соода кылууга тыюу салынышына нааразы. Ар кайсы жерде соода кылып жаткан адамдарды мэрия өкүлдөрү, милиция кубалап жатканын айтып, шарт түзүп берүүнү, ижара акысын арзандатууну же мыйзамдуу иштөө үчүн өзүнчө жер бөлүүнү талап кылышты.

Алардын айтымында, базардын айланасында миңден ашуун соодагер иштейт.

«Биз ордубуз үчүн акы төлөйбүз, бирок мыйзамсыз жол менен. Биз патент менен иштөөгө макулбуз. Анда бизге шарт түзүп беришсин! Мыйзамдуу түрдө иштегенге уруксат беришсин. Бул жерде болбосо дагы башка жерде, бирок Ош базарынын аймагында болсун. Биздин барыбыздын балдарыбыз бар, насыябыз бар. Биз дагы бир нерсе кылып жашашыбыз керек!» — деди митингчилердин бири.

Мындан тышкары, митингге чыккандардын бир бөлүгү мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин отставкага кетишин талап кылышты. Себеби, алар мэр «элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат» деп эсептешет.

Чогулгандар «Өкмөт өкүлдөрү чыксын!» деп бул маселени президент Садыр Жапаровдун чечип берүүсүн талап кылышты.

Алардын айтымында, базардын айланасында миңден ашуун соодагер иштейт.

Нааразы болгон тарап менен Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев жолукту. Анын айтымында, мыйзамсыз соода-сатык кылган соодагерлердин ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок, ал дагы жыйынтык берген эмес. Ошондуктан күчөтүлгөн режимдеги рейддер улантылат.

Ал жерлер соода-сатыкка ыңгайлашкан эмес, андыктан башаламан соода кылууга жол берилбейт.

18-январда Бишкектин мэриясы шаардын аймагында башаламан соода жүргөн жерлерге рейд жасап, ал жерлер тазаланган. Рейд учурунда соодагерлер мэриянын кызматкерлери жана милиционерлер менен жулкулдаша кеткен.

Кийинчирээк Балбак Түлөбаев УКМКдан Ош базарында башаламан соода кылгандарга каршы күрөшүү үчүн жардам сураган.