Жогорку Кеңештин депутаттары 29-сентябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Анын ордуна бул кызматка «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары, «Бакиевдин кадры» Кубанычбек Бөкөнтаев бекитилди.
Улуттук банктын төрагасынын отставкасын талкуулап жатканда, бир катар депутаттар Толкунбек Абдыгуловдон финтех деп аталган талаштуу мыйзам долбоору жөнүндө пикирин сурашты. Абдыгулов ал мыйзам долбооруна каршы экенин айтып, өзүнүн кооптонуулары менен бөлүштү.
Мыйзам долбоорунда кандай жаңычылдыктар сунушталды, эмне себептен эксперттер финтех банк системасын кыйратат деп эсептейт? Айтып беребиз.
Финтех тууралуу мыйзам долбоору
Алгач «“КРнын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (финтех тууралуу мыйзам) мыйзам долбоорунун автору депутат Саматбек Ибраев болгон.
ЖМКлардын маалыматына ылайык, кийин демилгечилердин катарына, алтымышка чукул эл өкүлү кошулган. Мыйзам долбоору коомдук талкууга үстүбүздөгү жылдын 14-майында эле коюлган.
Авторлор мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде ал Кыргызстанда финтехтин (финансылык технологиялар) тез өнүгүшүнө багытталган деп белгилешет. Бул салттуу финансы уюмдары менен атаандашуу үчүн технологияларды жана инновацияларды колдонгон компаниялар — финансы базарындагы банктар жана ортомчулар.
Мындай компанияларга технологиялык стартаптар дагы, жаӊы технологиялык чечимдердин негизинде көрсөтүлүүчү финансы кызматтарын жакшыртып жана оптималдаштырып турган ири уюмдар дагы кирет.
Мыйзам долбоорундагы негизги сунуштар:
- Улуттук банктын балансында финтех-компанияларга корреспонденттик эсептерди ачуу;
- финтех-компанияларга таандык алтынды Улуттук банкта сактоо жана жыйым үчүн алтынды колдонууга мүмкүндүк;
- тобокелдүү операцияларды (насыя берүү, депозиттик операциялар, лизинг, факторинг, форфейтинг, кепилдиктерди берүү, баалуу кагаздар менен операциялар) жүзөгө ашырбаган стартаптар үчүн уставдык капитал боюнча талаптарды төмөндөтүү. Мындай компаниялар үчүн уставдык капиталды банктардын капиталынан 3% чейин төмөндөтүү (600 млн сом) сунушталууда, тагыраагы 18 млн сомдон жогору эмес.
Ибраев «финтехти Кыргызстанда ишке киргизүү Бишкекти Борбор Азиянын финансылык борборуна айлантат» деп эсептейт.
«Бул өтө коркунучтуу»
Economist.kg финансылык басылмасы экономисттер менен финансисттерге таянып, бул демилге өлкөнүн банк системасын талкалап гана тим болбой, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деп жазды.
Ушундай эле пикирин Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов дагы бир нече ирет кайталаган.
Улуттук банкта финтех-компаниялардын корреспонденттик эсептерин ачуу тууралуу
«Бул жерде биринчи кезекте түшүнүктү алмаштырып жатышат. Финансылык технология деген атка жамынып, чынында ага тиешеси жок система түртмөлөнүп жатат. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу. Себеби жарнамада Улуттук банктын аты аталат. Эл эч нерсени түшүнбөй муну мамлекет жана Улуттук банк жасап жатат деп ойлойт», — деген Абдыгулов 29-сентябрда парламентте.
Мындан тышкары, анын айтымында, Улуттук банк финтех-компаниялардын миңдеген төлөмдөрү үчүн жооптуу болуп калат. Эгерде кайсы бир төлөм күмөндүү операция деп шектелип калса, анда башкы финансылык регулятордун АКШ же Европадагы корреспонденттик эсептери жабылышы мүмкүн.
«Ошондой болуп калса биз эч кандай төлөмдөрдү, анын ичинде минкабдын эсептеринен дагы төлөмдөрдү жүргүзө албай калабыз. Депутаттын бул сунушу — бүтүндөй мамлекет үчүн эч негизделбеген тобокелчилик», — деп билдирген ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында 24.kg маалымат агенттигине.
Economist.kg Абдыгуловдун тынчсыздануулары жөндүү деп эсептейт, өзгөчө финтех-компаниялары кайсыл бир офшордо катталган болсо.
«Андыктан мындай учурда Улуттук банктын каршылыгы жүйөөлүү жана логикалык жактан туура. Анткени өлкөнүн борбордук банкы көз ирмемдик коммерциялык пайданы эмес, улуттук коопсуздукка байланышкан маселелерди ойлонушу керек», — деп баса белгилеген басылма.
Улуттук банктын алтын сактагычы купуя болбой калат
Абдыгуловдун айтымында, эгерде финтех-компанияларга тиешелүү алтынды Улуттук банкта сактай турган болсок, мамлекеттик сырдын коопсуздугу менен сакталышында көйгөй жаралат.
«Анын үстүнө борбордук банктар андай кызмат көрсөтпөйт деген дүйнөлүк тажрыйба бар», — деп белгилеген ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында.
Уставдык капиталды төмөндөтүү
Economist.kg финтех-компаниялар үчүн уставдык капиталды төмөндөтүү калкка банк кызматын көрсөткөн фирмалардын пайда болушуна түрткү болот, ал фирмалар өз кезегинде банкрот болгон учурда кардарлары менен өнөктөштөрүнүн алдында алган милдеттерин аткара албай калышат деп белгилеген.
Абдыгулов андан тышкары, мыйзам долбоорундагы финтех-компаниялардын уставдык капиталын төмөндөтүү талабы — адилетсиз экенин айткан. Анын айтымында, бул компаниялар, башка коммерциялык банктар сыяктуу эле банктык кызматтарды көрсөтүшөт.
«Талаптар — муну көпчулүк атактуу эл аралык аналитиктер менен эксперттер дагы тастыктайт — банктарга дагы, финтехке дагы бирдей болууга тийиш. Бул атаандаш чөйрөнү пайда кылат жана эч кимге, эч кандай артыкчылык бербейт», — деп билдирген Улуттук банктын мурдагы башчысы.
Абдыгулов Ибраев Улуттук банктын аргументтерин укпай жатканын, ал финансы тармагын жөнгө салуучу башкы ведомство финтехке каршы чыгып жатат деп айтып жатканын белгилеген.
Финтех азыр деле бар — бирок башка аталыш менен
Ошол эле учурда, анын айтымында финтех-компаниялар үчүн атайын режим бар. Ал регулятивдик «кумкоргон» деп аталат. Economist.kg анын мааниси, аталган режим компанияларга Улуттук банктын көзөмөлү астында, өздөрүнүн инновациялык колдонмолорун жана кызматтарын чектелген чөйрөдө, финансылык мыйзамдарды бузбаган шартта тесттен өткөрүүгө жол берет деп түшүндүргөн.
Ал 2020-жылы эле азыркы жана жаңы оюнчулар тарабынан банк рыногу менен төлөм системаларына инновациялык кызматтар менен технологияларды киргизүүнү жөнөкөйлөштүрүү үчүн кабыл алынган.
Айрым ченемдер алып салынган
Финтех тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга үстүбүздөгүжылдын май айында чыгарылганына карабай, депутаттар аны бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу карай элек.24.kg’нин маалыматына ылайык, мыйзам долбоору Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынына бир нече жолу чыгарылган, ал эми минкаб терс корутундусун берген.
«Июнь айынын аягында мыйзам долбоору каралганда депутаттар каршы добуш берүүгө аракеттенишкен. Эгерде ошондой болгондо, документти кайра Жогорку Кеңештин кароосуна жарым жылдан кийин гана киргизе алышмак. Анан кызык ушул жерде башталды. Депутаттар документти колдоп да, четке да какпай коюшту. Узак сүйлөшүүлөр менен кайым айтыштардан кийин маселени жөн эле күн тартибинен алып салышты. Азыр эми [күзүндө] ага кайрылып келишти», — деп жазат 24.kg.
Басылманын маалыматына ылайык, жайында Ибраевге мыйзам долбоорун өз ыктыяры менен чакыртып алуу же болбосо талаштуу ченемдерди Улуттук банк жана минкаб менен кошумчалап иштеп чыгуу сунушталган. Ал эми Ибраевдин айтымында, чындап эле мыйзам долбоорунан айрым ченемдер алып салынган.
Мисалы, Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн максаттарын кеңейтүүнү четке каккан.
Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамдын колдонуудагы редакциясына ылайык, «Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн максаты тиешелүү акча-насыя саясатын жүргүзүү менен баалардын туруктуулугуна жетүү жана аны кармап туруу эсептелет».
Мыйзам долбоорунда каржы регулятору «өкмөт менен өз ара аракеттенип, финансы рыногун өнүктүрүү саясатын жүргүзөт жана иштеп чыгат» деп дагы сунушталган.
Минкаб өз корутундусунда муну Конституцияны бузуу, ал эми мыйзам долбоорунун өзүн кабыл алууну максатсыз деп атаган.
Дал ушул ченемге байланыштуу Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева пикирин айткан. Токтогазиева бул Улуттук банкты көз карандысыздыктан ажыратып, «өлкөнүн банк системасын толугу менен кыйроого алып барат» деп белгилеген.
Ибраев — финтехтин башкы коргоочусу жана Абдыгуловдун атаандашы
Ибраев — мыйзам долбоорунун автору, башкача айтканда документтин башкы коргоочусу жана сүрөөнчүсү. Парламенттин сайтында Ибраевдин финтех-компаниялар тууралуу бир нече макаласы, андан сырткары орусиялык банкир жана финансист Владимир Фролов жазган «Бай жана бактылуу Кыргызстан» концепциясынан үзүндүлөр жарыяланган.
Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын жай айларынан тартып Ибраев бир канча ирет ошол кездеги Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду сындаган.
«Бүгүнкү күндө Улуттук банктын төрагасынын компетенттүү эместигин турмуш өзү көрсөттү. Мен кайра-кайра айтып жатам, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жети жылдан бери биздин финансылык секторду талкалап салды. Ошондуктан ага баа беришибиз керек. Эгер ушуну аягына чыгарбасак, биздин экономикабыз аксаганы аксаган. Дагы кайрылгым келет, Толкунбек Абдыгулов, эгер сиз тез арада реформага барбасаңыз, өзүңүздүн оюңузду өзгөртпөсөңүз кыргызстандыктардын бүгүнкү турмушу эч качан өзгөрбөйт», — деп билдирген ал 24-сентябрда бул мыйзам боюнча коомдук угууда.
Анда ал финтех-компаниялар коммерциялык банктарга салыштырмалуу тобокелдүү банк операцияларын жүргүзбөйт, ал эми Улуттук банк «легалдуу финтехкке тоскоолдук жаратууда» деп билдирген.
Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында, Абдыгуловдун отставкасы каралып жатканда Ибраев Улуттук банктын 2014-жылдан берки ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.
Буга Абдыгулов «Ибраевге татыктуу жооп бериш үчүн мамкызматкердин этикасы жол бербей жатканын» жана пикирин кызматтан кеткенден кийин ачык билдирээрин айтып жооп узаткан
Ибраевдин репутациясы
Ибраев мыйзам долбоорун Фроловдун «Бай жана бактылуу Кыргызстан» концепциясына таянып жазган, ал эми банкирдин жүрүм-туруму шек туудурат, бул факты дагы Абдыгуловдун отставкасын карап жатканда бир катар депутаттарды ойго салган.
«Тилекке каршы, Абдыгуловго чоң чабуул жасашты. Биз ошого кайдыгер карап койдук. Кыргызстандагы үлкөн, кесипкөй кишиге кайдагы бир шылуундар сокку урду. Жанагы Фролов деген бул “Номос-Банк” менен байланышкан. “Номос-Банк” Кумтөрдөн көп жылдан бери алтын алып жүргөн банк. Ал киши эки банкты банкрот кылып, болгону бир машиненин баасына сатып жиберип, басып кеткен киши.
Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы “бул абдан күмөндүү киши, ал кантип кайра банк ачып алганына биз таң калып жатабыз” деп жазып жатат. Эмне Кыргызстан, ар кандай шылуундардын, көз боёмочулардын жери болуп калдыбы? Аны бул жакка алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар. Алар Улуттук банктын төрагасын айыпташканы менен өздөрү жеткен алдамчылар. Алар алдап кеткен ондогон кишилер менен мен өзүм жолуккам. Ал шылуундар президенттин атын жамынуу менен ушул ишке барганы жатышат», — деп нааразылыгын айткан 29-сентябрда депутат Мирлан Жээнчороев.
Бул сөз Ибраевге катуу тийген. Ал ушул сөздөрдөн кийин анда эки эле жол бар экенин — сотко берүү же баарын «эркекче» жекеме-жеке чыгып чечүү деп билдирген.
Ал эми Мирлан Жээнчороев эч бир депутаттын атын атабаганын, ал эми кесиптеши айтылган сөздү өзүнө алып жатса, демек жоопкерчиликти дагы алышы керек экенин айткан.
Ушундан кийин эл өкүлү Мурадыл Мадеминов сөз болуп жаткан адамдардын баарын текшерүүнү сунуштаган.
«Биздин депутат Саматбек Ибраев эки-үч айдан бери Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде аябай терс пиар-кампания жүргүздү. Айтпай койсом, болбойт. Ибраевдин жанында Орусиядан келген Фролов деген киши келип, үйүндө жашап жүрдү. Ал кишиге кандай маалымат бергени белгисиз. Фролов деген ким? Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети текшерсин, Орусияга суроо-талап жиберип, ал кандай максат менен Кыргызстанга келип, Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн аныктасын.
Кыргызстан акыркы убакта абдан кыйын кырдаалда жашап жатат, бир гана Улуттук банк өзүнүн функционалдык милдеттерин толук аткарып, финансы тармагын туруктуу алып чыгып кетти. Эгер Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрай баштаса депутат Ибраев күнөөлүү болот», — деген ошондо эл өкүлү Мурадыл Мадеминов.
Саматбек Ибраев кесиптешинин ИИМ менен УКМКга кайрылуу сунушун колдоорун, текшерүү жүргүзүп талашка чекит кою керек экенин айтып жооп берген.
Бир катар депутаттар ошол жыйында финтехти ишке киргизүү Кыргызстанды кайрадан акча чыгарып кетүүчү өлкөгө айлантпайбы деген кооптонуусун билдиришкен. Анын ичинде эл өкүлү Дастан Бекешев Улуттук банктын жаңы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге анын мурдагы иштерин эсине салган.
Бекешев Бөкөнтаев «Бакиевдин кадры» экенин жана ал 2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турганда — «Кыргызстандын атагы жаман жагынан чыгып, өлкөдөн акчалар жуулуп кетип турганын» айтып чыккан.
«“Ысык-Көл Инвестбанк”, “Азия Универсал Банк” боюнча кылмыш иштеринде сиздин атыңызы аталган. Канчалаган банктар банкротко учураган, атагыбыз жаман жагынан таш жарып турган. Сиз Орусияга барып Центробанк менен жолуксаңыз, ушунун баарын эстетип турушат. Анткени ал кезде жаман аттуу болгонбуз», — деп белгилеген ал.
Жооп катары Бөкөнтаев кылмыштын белгилери жок экенине байланыштуу өзүнө козголгон иш кыскартылганын билдирди. Анын айтымында, Бакиев мезгилинде Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганда, ал банк секторунун стабилдүүлүгүнө жооп берген.
Ошондой эле ал финтех боюнча мыйзамга карата буга чейин Улуттук банкты жетектеген кесиптеши Толкунбек Абдыгуловдун позициясын карманарын билдирген.