Депутат Бекешев: Толкунбек Абдыгулов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды

Депутат Дастан Бекешев телеграм-каналы аркылуу Кыргызстандын Улуттук банкынын жетекчиси алмашаарын билдирди. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазды — документ парламенттин экономика боюнча комитетине келди.

«Андан тышкары Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу сунуштама келип түштү», — деп жазган Бекешев.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери башкарып келген.

Абдыгуловдун Улуттук банктын башчылыгынан отставкага кеткени тууралуу маалымат парламентке «Улуттук Банк жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды деген кабардын шартында пайда болду.

Юрист Сания Токтогазиеванын айтымында, мыйзамга өзгөртүү кирсе өкмөт финансылык органдын ишмердүүлүгүнө жана финансы рыногун өнүктүрүү саясатына кийлигише баштайт. Ошондой эле, ал мыйзамга мындай өзгөртүү кирсе «Улуттук банктын көз карандысыздыгы жоюлуп», «өкмөткө баш ийип» (башкача айтканда — президенткен) калат деп эсептейт. Түзөтүүнүн тексти алгиче коомчулукка чыга элек.

Кубанычбек Бөкөнтаев деген ким?

Кубанычбек Бөкөнтаев өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда 2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасы болуп иштеген. Ошондой эле, Депозиттерди коргоо агенттинин директорлор кеңешин жетектеген.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Бөкөнтаевдин аты акыркы жолу Жогорку сот Марат Алапаевдин ишин кайра кароого жөнөткөндө аталган. Анда Алапаев «Ысык-Көл инвест банкты» бозгун президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге басып алууга айыпталган болчу.

Жарыяланган соттун токтомунда иш кайрадан каралганы айтылган. Документке ылайык, Бөкөнтаев жана Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Самат Конокбаев 2010-жылы аларды Алапаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын айтып беришкен.

Анда соттун токтомун журналист Сыргак Абдылдаев жарыялаган. Аны менен катар Абдылдаев Кыргызстанда «жашыруун» гриф менен Бакиевдердин үй-бүлөсүн актоо башталганын божомолдогон.

Кийин Жогорку сот Курманбек Бакиевдин жакындарын актоо тууралуу журналисттин айткандарын төгүндөп, кайра кароо Алапаевге гана тиешелүү экенин билдирген.