Эмне себептен Жапаров экономикадагы ӨК режими мыйзамын артка кайтарды?

Президент Садыр Жапаров 27-сентябрда экономикага өзгөчө кырдаал (ӨК) режимин киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, парламентке кайтарып берген. Бирок анда кандай каршы пикирлер айтылганы маалымдалган эмес.

6-октябрда депутат Дастан Бекешев Telegram-каналында мамлекет башчысынын каршы пикиринин текстин жарыялады. А бирок президенттин сайтында Жапаровдун каршы пикири жарыяланган жок.

Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы. 

Президент мыйзам долбоорунун эмнесине каршы?

Каршы пикирдин текстинде парламент депуттары дароо үч окууда кабыл алган мыйзам долбоорунда «Конституциянын ченемдери менен өлкөнүн мыйзамдарына дал келбеген бир катар жагдайлар» деп айтылат.

Атап айтканда, Жапаров мыйзам долбоорунун өзүндө экономикадагы ӨК режиминин аныктамасы «жалпыланып көрсөтүлгөнүн жана тез арада жөнгө салбаса өзгөчө тартипте экономикага орду толгус зыян алып келе турган кескин коркунучтун белгилери камтылбаганын» белгилеген.

Президент мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн минкабдын экономикадагы ӨК режиминдеги милдеттеринин баарын минкаб ансыз да аткарышы керектигин белгиледи. Кеп «калктын жашоо шарты менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, экономиканын тармактарынын ишин калыбына келтирүү жана экономикага инвестиция тартуу» жөнүндө болууда.

Мындан тышкары, каршы пикирдин текстинде экономикага ӨК режимин киргизүү үчүн бардык сандык көрсөткүчтөр 20%дан 10%га чейин төмөндөтүлгөнү айтылат.

Мындан улам президент «мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн учурлар жыл ичинде бир нече жолу кайталанышы мүмкүн», өз кезегинде бул экономикага дайыма ӨК режимин киргизип турууга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

«Маанилүү чечимдер узак убакыт бою Жогорку Кеңештин катыштыгы жок бир гана минкабдын актылары менен кабыл алынып калганда, бийлик бутактарын бөлүштүрүү конституциялык принциби жана ооздуктоо жана тең салмактуулук системасы бузулат», — деп белгиледи Жапаров.

Конституциянын нормаларын бузат

Президент минкабга мыйзам долбоорунда аныкталган айрым ыйгарым укуктарды берүү Конституциянын нормаларын бузат, ал эми ага ылайык, «адамдын жана жарандын укугу менен эркиндигин чектеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынганын» баса белгиледи.

Андан тышкары, каршы пикирдин текстинде экономикадагы ӨК режиминде минкабга «Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында көрсөтүлгөн салык коюмдарын жана салык төлөөчүнүн салык режимин өзгөртүү укугун берүү» Конституцияга каршы келери айтылган.

Атап айтканда, өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, өлкө аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт, ал эми салыкты аныктоо укугу парламентке таандык.

Президент мыйзам долбоорунда ача пикирлер бар экенин, ал эми мамлекеттик тилдеги текстинде терминдерди колдонууда бир катар катачылыктар кеткенин көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин депутаттары 6-октябрда бул мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү боюнча маселени карашы керек.

Экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлда Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал (ӨК) режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкан.

Мыйзам долбоорун экономика министри Акылбек Жапаров демилгелеген.

Экономика министри Акылбек Жапаров парламенттин 29-июлдагы жыйынында. Сүрөт: жыйындан алынган скриншот

Мыйзам долбооруна ылайык, экономикага ӨК режими тармактык мамлекеттик орган бул сунушту президентке киргизгенден кийин жети күндөн ашпаган убакта министрлер кабинетинин чечими менен киргизилет.

Экономикадагы ӨК режиминде минкаб салык режимин, салыктар менен жыйымдардын өлчөмүн өзгөртө алат, Жогорку Кеңеш менен макулдашпай туруп бюджеттин кирешеси менен чыгашасынын 20%на ээлик кыла алат, мамлекеттик мүлктү башкаруунун эрежелерин жана мамлектеттик мүлктү убактылуу колдонууга берүү эрежелерин бекитет жана башкалар.

Дагы окуңуз: Парламент экономикага ӨК режимин киргизүү мыйзамын үч окууда жактырды

Мыйзам долбоорун сындоо

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин бизнес-коомчулугу документти «чийки» жана «толуктоого муктаж» деп айтып чыгышты. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин пикири боюнча, документте «ишкерчилик субъектисине жана жалпы эле өлкө экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон» ченемдер камтылган.

Ал эми экономисттер мамлекет бул мыйзам долбоору менен бизнести жөнгө салууга аракет кылууда деп эсептешет.

Демилгени Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (БАУА) дагы сынга алган. Алар мыйзам министрлер кабинетинин дискрециялык бийлигин күчөткөн ченемдерди камтыйт, бул ведомстволордо чоң бийликти топтоп, коррупциялык тобокелдиктерге жол ачат» деп эсептешет.

Мыйзам долбооруна карата президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши (АИК) дагы үн каткан. АИК кээ бир киргизилген ченемдер президенттин бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү тууралуу жарлыгына каршы келет деп белгилеген.

Тема боюнча:

Экономикадагы ӨК режими. Бизнес-коомчулук президентке кайрылды