Кыргыз парламентинин VI чакырылыштагы депутат айымдары. 2016-жыл.
Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Гендердик квота жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештеги орундардын эң аз дегенде 30%ын аялдар ээлеши керек. Бирок иш жүзүндө, партияларда айым талапкерлер аз санда, ал эми тизмеге киргендери болсо айрым учурда партиялардын куралы болуп калат. Кээ бир айымдар баары бир саясатка аралашат, бирок алар эркектердин катуу кысымына кабылышат. Эмнеге андай экенин «Клооп» аныктаганга аракет кылды.

Чынара Бойтоева кичинекей төрт баласы менен Баткенде жашайт. 2020-жылдын жазында үй-бүлөлүк бюджетке беш миң сом киреше табуу үчүн шаардык кеңештерди шайлоодо «Клооптун» байкоочусу болгон. Ал окутуудан өтүп, жыйынтыктоочу тест тапшырып, участкага келген. Бирок участкага келген Чынара күтүүсүз окуяга кабылган. Ал «Замандаш» саясий партиясынан талапкер болгондуктан байкоочу боло албасы белгилүү болгон.

2019-жылы Кыргызстанда гендердик квоталар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган: эми жергиликтүү кеңештердеги 30% кем эмес орунду аялдар ээлеши керек.

Буга бардык саясий күчтөр даяр эмес экени белгилүү болду. Айрым партияларда айым талапкерлер жетишсиз болсо, кээ бири бул ишмердүүлүккө айымдарды аралаштырууну каалашпайт. Алар квотанын талаптарын аткаруу үчүн турдүү айла-амал колдонушат: аялдарга айтпай туруп эле талапкерлердин тизмесине киргизип коюшат.

Чынара кандайча талапкерлердин тизмесине кирип калды? Шайлоого бир нече жума калганда кошунасы ага үгүтчү болуп иштөөнү сунуштаган. Чынара алгач макул болуп, атүгүл документтеринин көчүрмөсүн — паспорт менен дипломун жөнөткөн, кийин акча төлөбөгөндүктөн иштөөдөн баш тарткан. Бирок, аялга эч канай тиешеси жок «Замандаш» партиясы аны шайлоо тизмесине талапкер катары каттап алган.

«Мен талапкер болуу үчүн эч кандай билдирүү толтурган эмесмин. Мен окутуудан өтүп, тест тапшырып жатып [«Клооптун» көз карандысыз байкоочусу болуу үчүн] аябай аракет кылгам. Акыры эч күнөөм жок эле кылган аракетим текке кетти», — дейт Чынара.

Чынара жардам сурап партияга кайрылган, бирок алар аялдардын квотасы үчүн анын маалыматтарын колдонушканын айтып жооп беришкен. Ал эми «Замандаштын» өкүлдөрү Чынараны байкоочу катары участкага киргизбей койгон комиссия мүчөлөрүнө «түшүнбөй калыптырмын жана [мени] үгүтчү катары катташат деп ойлогом» деп айтып коюуну суранышкан.

Партия жеңишке жетти — аялдардын эми кереги жок

Сүрөт: Kaktus.media

Партиялар жергиликтүү кеңешке өтүү үчүн аялдарды колдонгон дагы бир окуя Ошто болгон. Шайлоо аяктаган соң Ош шаарында 69 аял «Биздин Кыргызстан» жана «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынан чыгуу үчүн арыз берген. Алардын баарынын арызы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан канааттандырылган. Ошондой эле БШКга аталган эки партиядан Ош шаардык кеңешинин 6 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону тууралуу чечими келип түшкөн, алардын бешөө аялдар болгон.

«Эмнеге кетип жатканын билбейм, үй-бүлөлүк себептер болсо керек. Мисалы мен кеткен жокмун. Ар бир адамдын партиядан чыгууга акысы бар», — деп «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Хулькар Исамова ал чечим тууралуу комментарий берди.

Жыйынтыгында Боршайком Ош АШКсынын аял депутаттар менен аял талапкерлерди партиялардан массалык түрдө чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарды. «Бир эле убакта партиялардын тизмесинен бир топ аялдын чыгып кетиши БШКнын күмөн саноосун жаратты», — деп билдирди БШК мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров.

Гендердик квота эмне үчүн керек?

Квота — бул гендердик теңсиздик салтка айланган аймактарда эркектер менен аялдарга бирдей шарттарды түзгөн убактылуу чара. Ал Франция жана Улуу Британия өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө жана салттуу патриархалдык тартипте өнүгүп келе жаткан аймактарда колдонулат. Аялдардын квотасы Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан менен Казакстанда бар.

Дүйнөлүк парламенттерде аялдардын саны көп болгон өлкөлөр дагы бар.

Гендердик теңсиздик менен түздөн-түз күрөшүү менен бирге, квоталар социалдык көйгөйлөрдү дагы чечет. Мисалы, 2012-жылы Кыргызстан эки баскычтуу бюджетке өттү, ага ылайык, айылдык бюджетти бөлүштүрүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттары ишке ашырат. Аялдардын чечим кабыл алууга активдүү катышуусу социалдык аялуу топтордун — балдардын, пенсионерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыктарын сактоо менен түздөн-түз байланыштуу.

Кыргызстанда квота жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганга чейин айылдык кеңештердин депутаттарынын арасында аялдардын саны туруктуу төмөндөгөнү байкалган. Ошентип, 2004-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта аял депутаттардын саны дээрлик эки эсеге кыскарган — 19%дан 10%га чейин.

Квоталар бул кырдаалды оңдоду: 2021-жылдын жазында өткөн шайлоонун жыйынтыгынан соң депутаттыкка өткөн аялдардын саны дээрлик төрт эсеге көбөйдү. Бирок, өлкөдө жергиликтүү кеңештерде аялдар саны мыйзамда белгиленген 30% дан ашкан учурлар дээрлик жокко эсе. 28 шаардын жетөөндө гана аялдардын саны квотага жетет.

Позитивдүү өзгөрүүлөргө карабай, мунун баары аялдар өздөрүн Кыргызстандын саясий жашоосунун толук кандуу катышуучусу катары сезбегенин далилдейт жана көп учурда эркектер тарабынан басымга кабылышат.

«Аялыңарды тыйгыла»

Квотанын арты менен жергиликтүү кеңештин депутаттыгына эркектерге караганда аз добуш алганы аялдар шайланды. Бул Чүй облусунун Орок айылында чоң чырдын себепчиси болду. 2021-жылдын 11-апрелинде шайлоо аяктагандан кийин эркек-талапкерлер шайлоо участкасына чогулуп эки айым талапкерди жеңүүчүлөрдүн тизмесинен чийип салууну талап кылышкан.

«Аялын тыя албагандар [эркектер] юбкасынын алдына жашынып жүрүшөт. Кыйын болсоңор токтоткула анда ошол аялыңарды» — дешкен алар.

Калган талапкерлер нааразылыгын БШКга жазган арызына түшүргөн. Кадамжай районунун Орозбеков айылында шайлоодон өтпөй калган талапкер квотадагы мандат ага эмес аял кишиге берилгени тууралуу АШКнын чечимине каршы арыз жазган.

«Мага ишеним арткан жергиликтүү шайлоочулардын, менин укуктарым дагы одоно бузулууда. [...] Конституцияда “Эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” деп көрсөтүлгөн. Гендердик квота жөнүндөгү бул мыйзам Конституцияга каршы келет», — деп жазган ал.

Өтпөй калган талапкерлердин ичинен алтоо аялдардын квотасына каршы доо арыз менен кайрылган. Мандат мыйзамга ылайык бөлүштүрүлгөндүктөн БШК аларды четке каккан.

«Эл эркектер үчүн добуш бергенди туура көрөт»

Сүрөт: «Турмуш»

«Эл аялдардын колунан эч нерсе келбейт деп ойлот. Бирок мен аялдар чыдамкай жана өжөр деп эсептейм. Алар маанилүү маселелерге келгенде сезимтал болушат» — дейт Жумгал районунун Лама айыл өкмөтүнүн депутаты Калиман Шаршекеева.

Калиман жыйырма жыл башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген, төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Пенсияга чыккан соң ал айылына алгачкы ирет бала бакча ачкан. 2021-жылдын жазына чейин жетектеп, биринчи жолу шайлоого катышууну чечкен.

Калимандын айтымында, анын депутаттыкка ат салышуу чечимин айылдаштары жакшы кабыл алган. Ал ага дейре «аялдар көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмсүз» деген кептерди да уккан. Бирок Калимандын тажрыйбасы бул кептерди жокко чыгарган. Айылда бала бакча жок кезде ал аны нөлдөн баштап тургузган.

«Мен бала бакча ачып жатканда туугандарым: “Бекер эле күчүңдү корото бербе, колуңдан келбейт. Мектепте эле тынч иштегениң жакшы. Эгер жашоочулар балдарын бакчага бербей косо, бала бакчаң жабылып калса кантесиң?”— дешкен. Бирок мен багынбай, көздөгөнүмө жеттим. Азыркыга чейин эжелерим таң калып жүрүшөт», — дейт ал.

Жергиликтүү кеңешке Калимандан башка дагы эки аял өткөн — мектеп директору менен мугалим. Анын баары квоталардын негизинде ишке ашты.

«Эл эркектер үчүн добуш берүүнү туура көрөт, андыктан квоталар [аялдар үчүн] жакшы колдоо болду», — деп түшүндүрдү Калиман.

Алдыда депутат айымдардын жасай турчу көп иши бар. «Мен айылдагы жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдүн маселесин чечким келет. Айылыбызда таза суу жок, суу киргизүүнү каалайм. Айыл тургундары эс алып, балдар ойногон парк уюштургум келет» — деп Калиман биринчи кезекте жасала турган иштерди санады.

Дагы окуңуз:

Колдонмо: «Клооп» шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча БШКга арызды туура жазганды үйрөтөт

Бандит күнөөлүү эмес, батир ойнотуу — добуш сатып алууга жатпайт. БШКнын мыйзам бузууларга тандалма реакциясы

Авторлор: Гүлзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева

Айзирек Алмазбекова, Айгерим Казыбаева

Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов