Боршайком жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдумда катталган мыйзам бузуулар жөнүндөгү доо арыздардын жарымынан көбүн кароодон баш тарткан. Анын себеби — жөнөкөй эрежелердин аткарылбаганы. Сиздин аракетиңиз текке кетпей, БШК жазган арызды сөзсүз карасын десеңиз аны туура жазуу керек. Биз доо арызды туура даярдоону үйрөтөбүз.

«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Коомдук уюмдар, саясий партиялар, талапкерлер жана жөнөкөй жарандар шайлоо мыйзамы бузулган учурлар боюнча 560тан ашык арызды БШКга жөнөткөн. Алардын баары БШКнын сайтындагы атайын бөлүмгө жарыяланган.

«Клооптун» дата-бөлүмү БШК мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөргө кандай реакция кылганын түшүнүү үчүн, арыздарды жана аларга карата чыккан чечимдердин баарын анализдеп чыкты. Көз карандысыз байкоочулар менен жарандар жөнөткөн доо арыздын жарымын — 484түн 270ин* — БШК четке какканы белгилүү болду.

*Эсептөөдө «Клооптун» байкоочуларынын доо арыздарын эске алган жокпуз.

Баш тартуунун себептерин изилдеп чыккан соң, сиз үчүн колдонмо даярдадык — шайлоо комиссиясы арызды сөзсүз карагыдай кылып, кантип туура жазуу керек.

Арызды сөзсүз түрдө жогорку инстанцияга жазыңыз

Мыйзам бузууну ырааттуу түрдө даттаныңыз

УШК — ОШК — БШК — Административдик сот — Жогорку сот

Шайлоо мыйзамын бузуу учурларын ырааттуу түрдө даттануу зарыл: алгач окуя болгон участканын шайлоо комиссиясына (УШК), андан кийин сиздин аймактагы округдук шайлоо комиссиясына(ОШК). Эгерде бул комиссиялар мыйзам бузуучуларды аныктоо жана жазалоо чараларын көрбөсө, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу керек.

Дароо БШКга арыз жазуунун кереги жок: эгерде сиз ага чейин УШК менен АШКга кайрылбаган болсоңуз, арызды кароодон жөн эле баш тартып коёт.

Даттануунун акыркы инстанциясы Административдик жана Жогорку Сот болуп эсептелет.

Жогорку органдарга доо арыз менен үч күн ичинде кайрылууга болот

Мыйзамга ылайык, бузуунун бардык түрүнө арыздануу үчүн үч күндүк мөөнөт берилет — жумушчу эмес, календарлык күн. Эгерде АШК сизге жума күнү жооп берсе, анда БШКга арыз берүү мөөнөтү дүйшөмбүгө туура келет. Эгерде белгиленген мөөнөттөн өтүп кетсе, комиссия доо арызыңызды кароодон баш тартат.

Мыйзамдын бул ченеми эки тарапка бирдей иштеши керек. Көбүнчө комиссия жоопторду кечиктирип, доо арыздарды убагында карабайт. Акыркы шайлоодон соң БШК «Клооптун» доо арызын дагы убагында караган жок, биздин юристтер комиссияны өз милдеттерин аткартуу үчүн сотко кайрылууга аргасыз болду.

Сотко кайрылууга да үч күн берилет. Бул мөөнөт аралыгында, арыз жазып, мамлекеттик алымды да төлөөгө жетишүү керек, антпесе — арыз кабыл алынбайт.

Мыйзам бузууну участкада кантип арыздануу керек?

Эгерде сиз шайлоо участкасында турган кезде мыйзам бузууга күбө болсоңуз дароо участкалык комиссиянын төрагасына доо арыз менен кайрылышыңыз керек. Эгерде сиз жазган арызды кабыл алуудан баш тартышса, анда кеминде дагы эки байкоочунун колу коюлган акт түзүү керек.

Көп учурда кездешкен ката: Ош шаарындагы шайлоо участкасында «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары одоно мыйзам бузууну катташкан — көчмө добуш берүү учурунда «Ишеним» партиясынын байкоочусу шайлоочуга белги коюулуучу жерди көрсөткөн — ага карата акт түзүлгөн.

Комисиия аны кароодон баш тарткан. «Акт бир адам тарабынан түзүлбөйт. Актыны кароонун зарылчылыгы жок», — деп жооп жазган Ош АШКсы.

Далил — абдан маанилүү

Мыйзам бузууга күбө болгон учурда, эң алгач — сүрөткө, видеого же документ түрүндө каттап алуу керек. Андан соң доо арыз жазылат. Анда мыйзам бузууну болушунча так, далилдүү, кайда, качан жана эмне болгонун сүрөттөп жазуу керек. Участкада тартакан сүрөт, видеоңузду башка адамдар ансыз да түшүнүп алат деп үмүттөнебөңүз. Далилдерди сүрөттөп, аны текстке тиркегенди унутпаңыз.

Көп учурда кездешкен ката: «Реформа» саясий партиясы Бишкектеги шайлоо участкаларында бир нече одоно мыйзам бузууну каттаган: шайлоочуларды референдумда добуш берүүгө мажбурлоо (ооба, элди добуш берүүгө мажбурлоо — мыйзамга каршы келет), добуш берүүнүн купуялуулугун жана протоколдорду толтуруу эрежелерин бузуу. Бирок Бишкек АШКсы бул мыйзам бузуулардын бирин да иликтеген жок, анткени «Реформа» далилдерди тиркеген эмес.

Арызга өзүңүздүн аты-жөнүңүздү толук жазып, жеткиликтүү байланыш номер калтырыңыз

Доо арыз жазууда, атыңызды жана дарегиңизди, ошондой эле электрондук почта менен телефон номериңизди көрсөтүүнү унутпаңыз. Комиссия анонимдүү жазылган доо арыздарды карабайт.

Көп кездешкен ката: Чүй облусунун Садовое айылынын тургундары депутаттыкка талапкер Абдумажитовдун соттуулугу бар экенине байланыштуу каттоосун жокко чыгаруу өтүнүчү менен БШКга кайрылышкан. Арыз анонимдүү болгондуктан БШК аны кароодон баш тарткан.

«Эгерде жазылган катта жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүүчү почта дареги көрсөтүлбөсө ал анонимдүү деп эсептелет жана каралууга жатпайт», — дейт жарандардын арызын кароо жөнүндөгү мыйзамга таянган БШК.

Мыйзам бузган адамдын аты-жөнү белгилүүбү — жазыңыз

Шайлоо мыйзамын бузган адамдын аты-жөнү жашыруун калбашы керек. Эгерде БШК даана ким мыйзам бузуп жатканын тактай албаса, сиздин доо арызды четке кагат.

Аты-жөнүн билбейсизби? Мыйзам бузган адамды мүмкүн болушунча деталдуу түрдө сүрөттөп бериңиз. Ал ким, кайдан келген, келбети кандай, кандайдыр бир расмий макамы барбы — кенен маалымат ашыктык кылбайт.

Көп кездешкен ката: Фейсбук колдонуучусу Т. Эргешбаева шайлоо күнү Чүй облусунун Восток айылында бир нече адам БШКнын логотиби чагылдырылып, «Биз конституциялык референдумду колдойбуз!» деген жазуусу бар баракчаларды автобустарга чаптап жүргөнү тууралуу пост жазган. Ал жада калса транспорттун номерин дагы көрсөткөн — 254-маршрутка.

Бирок БШКнын жообуна ылайык, Боршайком плакаттарды чаптагандар ким экенин даана түшүнө алган эмес. Мыйзам бузуу каралбай калган.

30 учурда БШК эмне себептен доо арызды кароодон баш тартканын аныктоо мүмкүн болгон жок: комиссия чечимдин көчүрмөлөрүн жарыялаган эмес.

Дагы окуңуз:

Бандит күнөөлүү эмес, батир ойнотуу — добуш сатып алууга жатпайт. БШКнын мыйзам бузууларга тандалма реакциясы

Апрелдеги шайлоонунун жыйынтыгын жокко чыгарууга БШКны эмне түрткү кылды?

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу эмнеге референдумга да таасир этиши керек эле?

Эмнеге Кыргызстанда референдум шайлоо менен бир күндө өтөт?

Анализ: 11-апрелдеги шайлоодо жүздөгөн протоколдор оңдолуп чыкканы аныкталды

Авторлор: Гүлзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева

Айзирек Алмазбекова, Айгерим Казыбаева

Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов