Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов «Азаттыкка» маек куруп, 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровго ыктаган партиялар жана талапкерлер болбой турганын билдирди.
Иманкуловдун айтымында, өлкөдө «таза, ачык, мыйзамдуу» шайлоо өткөрүү пландалууда.
«Президенттин, бийликтин партиясы, талапкери деген жок. Бардык талапкерге жана партияга бирдей мамиле кылабыз», — деп билдирди Иманкулов.
*Өткөн жылы дагы парламенттик шайлоодо биликчил партия «жок болчу», болгону «Биримдиктин» тизмесинде президент Сооронбай Жээнбековдун иниси бар эле, ал эми Жээнбековдор кланынын тарапташы Матраимовдор болсо жек-жааты менен «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барган. Андан тышкары, бийликке ыктаган «Кыргызстан» партиясы шайлоодон уткан. Парламентке оппозицияны таптакыр жолотпой койгондуктан эл арасында толкундоолор башталып, өлкөдө бийлик алмашып, Садыр Жапаров колониядан бошонуп чыккан.
Иманкулов буга чейин да мамлекеттик органдар шайлоону таза өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшашы керек деген. 23-сентябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында, эгерде мамкызматкерлер админресурс колдоно турган болсо жумуштан бошотулуп, кылмыш жообуна тартылат деп айткан болчу.
*2020-жылдын октябрь айында дагы бийлик ушул эле сөздөрдү айткан.
Бийликчил партиялар жок. Же бар
Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышы бар делген партиялардын эң эле көрүнүктүүсү — «Мекенчил».
Партияны 2010-жылы Ташиев менен Жапаров негиздеген. 2020-жылдын октябрь айында саясий бирикме алгачкы жолу парламенттик шайлоого катышууну чечкен. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин партия мүчөлөрү өлкөдөгү негизги кызматтарга келишкен.
Мисалы, Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми президент Жапаров кийинчерээк «Мекенчилдин тизмесиндеги» бир нече адамды облустардагы ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындаган.
«Мекенчил» алдыдагы парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу «Клоопко» партия штабынын жетекчисинин орун басары Эркин Баяманов 2021-жылдын февраль айында эле айткан болчу.
Бирок шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин арасында «Мекенчил Эл» аттуу партия бар. БШКнын маалыматына таянсак, партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Орозбек Алымжанов көрсөтүлгөн. 2020-жылдын февраль айында Алымжанов Садыр Жапаровду колдоп чыккан жана «Жапаровду колдоо элдик кыймылынын» башчысы болгон.
Дагы бир кызыктуу жагдай, Юстиция министрлигинин реестринде «Мекенчил Эл» партиясы 2021-жылдын июнь айында каттоодон өткөнү, ал эми Алымжанов партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири экени көрсөтүлгөн.
Жапаров менен Ташиев түптөгөн «Мекенчил» шайлоого барбаганы менен жарышка «Ата Журт Кыргызстан» аттанганы турат.
ул партияны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ташиев уулу Тай-Мураска алдыдагы шаардык кеңешке шайлоодо ийгилик каалаган. Анын уулу Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан.
Кийин ал мандатка ээ болгон, бирок октябрь айында өз каалоосу менен мандатып тапшырып кеткен. «Ата Журт Кыргызстанды» азыркы бийлик менен жакындыгы бар деп айтылганы менен Камчыбек Ташиев өзү бул маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбейт деп билдирген.
Анын айтымында, Ташиевдин атын жамынгандарга катуу чара көрүлөт.
«Ата-Журт Кыргызстан» — өлкөдөгү жаңы партиялардын бири. Буга чейин Ташиевге таандык «Ата-Журт» деп аталган партия бар болчу. Ага карабай, «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкерлери жергиликтүү кеңештеги 28 шаардын ичинен 21 шаарда талапкерлигин койгон.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, партиянын жетекчиси — Айбек Маткеримов. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал «Мекенчил» партиясынын курамында, 82-номер менен барган. «Мекенчил» партиясын Ташиев менен Жапаров негиздеген.
2016-жылы Маткеримов «Ата-Журт» партиясынын Барпы айылдык кеңешиндеги депутаты болгон. Дал ушул партиядан 2010-жылы Ташиев менен Жапаров парламентке келишкен. Бирок 2016-жылы эки партиянын союзу аяктаган.
2017-жылы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев ат салышкысы келип, бирок кармалган Садыр Жапаровду же мурдагы үзөңгүлөшү Өмүрбек Бабановду эмес, жыйынтыгында президент болуп келген бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон.
Жээнбеков президенттик кызматта мөөнөтү бүткүчө отура алган жок — 2020-жылдагы коррупциялуу парламенттик шайлоодон кийин бийлигинен ажырап, анын ордуна тарапташтарынын жардамы менен колониядан бошонуп чыккан Садыр Жапаров президенттин м.а. болуп келген. Ал эми 2021-жылы Жапаров президенттик шайлоодон утуп, республиканын башчысы болуп расмий шайланган.
Шайлоого дагы кимдер катышат?
Алдыдагы парламенттик шайлоого 75 саясий партия катышууну көздөп жатат. Бирок шайлоо күрөөсү менен талапкерлердин тизмесин берүүчү мезгилде алардын саны кыскарышы мүмкүн.
Андан тышкары, партиялар өз ара бириге башташты. Жаңы Конституцияга ылайык, кезектеги парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскарат.
Конституцияга ылайык, шайлоочулар округдар боюнча өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге жана саясий партиялар үчүн добуш бере алышат.