Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн башка бардык облустардын башчыларын алмаштырды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бир жумадан аз убакыт ичинде өкмөттүн курамын өзгөрттү. Мындан тышкары, ал Ысык-Көлдөн башка бардык облустардын башчыларын алмаштырууга жетишти. Бул кызмат ордуларына кимдер келгенин териштиребиз.

Ош облусу

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Абдураимов — жеке ишкер, «Ишеним» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы жана Футзал федерациясынын президенти.

Ал 2013-жылдын ортолорунан тарта 2015-жылга чейин «Кумтөр голд компани» ЖАКында жергиликтүү жабдууну өнүктүрүү боюнча директордун орун басары болуп иштегени белгилүү. Ал эми 2019-жылдын май айынан сентябрына чейин экономика министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.

Жалал-Абад облусу

Жапаров Жалал-Абад облусунун башчылыгына «Мекенчил» партиясындагы партиялашы Абсаттар Сыргабаевди дайындады.

Ал 2005-2010-жылдары финполдо иштеп, кийинчерээк Сузак районунун Барпы айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенген. ЖМКлардын маалыматында Сыргабаев Камчыбек Ташиевдин айылдашы экени, ал тургай анын «өкүл баласы» экени айтылууда.

Ал эми Ташиев Садыр Жапаровдун үзөңгүлөш досу болуп эсептелет. Алар бирге «Мекенчил» партиясын негиздешкен, ал эми 2010-жылы өткөн шайлоого «Ата Журт» партиясынын катарында бирге катышкан.

Чүй облусу

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров дайындалды.

Мияров 2005-2010-жылдары Бишкек шаардык телефон тармагында инженер болуп иштеп, 2012-жылдан 2019-жылга чейин «Моби строй» курулуш компаниясын жетектеген.

Өкмөттөн Мияровду бул кызматка дайындоо тууралуу чечим «кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу» максатында кабыл алынды деп түшүндүрүштү.

Талас облусу

Талас облусунун жаңы башчысы болуп Айбек Бузурманкулов дайындалды. Ал 2010-2015-жылдары коммерциялык банктарда иштеп, кийинчерээк коомдук ишмердик менен алектенип, «Жаңы муун» кыймылын жетектеген.

Бузурманкулов жарандык активист катары Талас облусундагы «Жерүй» алтын кени тууралуу маселени бир нече жолу көтөрүп чыккан. Ал өкмөттөн кен жерин иштетүү боюнча конкурс канчалык мыйзамдуу өткөнүн текшерүүсүн талап кылган.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Бузурманкулов депутат Болот Шердин тажыясынан кайтып келе жатканда, аны милиция кызматкерлери кармашкан. Активист ошол күнү «Жерүй» кени боюнча кезектеги митингди уюштурууну пландап жаткан эле.

Ошондо милиционерлер Бузурманкулов менен профилактикалык сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, коё беришкен.

Нарын облусу

Нарын облусунда дагы жаңы башчы дайындалды. Бул кызматка Ташиевдин «Мекенчил» партиясындагы дагы бир партиялашы — Сабыркул Ашимбаев келди. Талапкерлердин тизмесинде ал жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында Ашимбаев «ABN жана Со кыргыз-казак компаниясынын» жетекчиси деп көрсөтүлгөн. Расмий маалымат боюнча, ал адистештирилбеген дүң соода жүргүзөт.

Ашимбаев 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынын катарында депутаттыкка талапкерлигин койгон. Ал ошол убакта «Аалам» гезитинин башкы директору болчу.

Баткен облусу

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жаныбек Жалалов дайындалды. Ал мурда Баткендин мэри болуп дайындалган эле, бирок 2016-жылы өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу арыз жазган.

Мындан бир жыл мурда өкмөт анын ишин канааттандырарлык эмес деп атап, бирок кызматынан алган эмес эле.

Ысык-Көл облусу

Бул облустун башчысы алмашкан жок. Буга чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү бойдон калууда.

Депутаттардын бир бөлүгү регламентти жана Конституцияны кыйгап өтүп, Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындашканда, аны колдоп сөз сүйлөгөн аткаминерлердин бири Түлөбаев болгон. Ал Жапаровду өлкөнүн премьер-министри кылып таануу — бул «жалгыз мыйзамдуу жол» деп айткан.