Чек ара жаңжалы: Минкаб баткендик ишкерлерди бир катар салыктардан бошотту

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасында бизнеси жабыркаган ишкерлерди бир катар салыктарды төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу 8-октябрда минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 28-30-апрелде болгон окуялар «ал жеткис күчтүн жагдайлары» аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылды.

Баткенде жабыркаган имарат. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы 

Ишкерлер кайсы салыктардан бошотулду?

Минкаб куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерди 2021-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрга чейин төмөнкү салыктардан бошотууну чечти:

  • киреше салыгы;
  • пайда салыгы;
  • кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);
  • сатуу салыгы;
  • милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
  • ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
  • бирдиктүү салык.

Мындан тышкары, минкаб жергиликтүү кеңештерге баткендик ишкерлерди жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотууну сунуштады.

«2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт», — деп айтылат минкабдын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Минкабдан салыктан бошотуу кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканаларга, мунай сатуучу субъектилерге тиешеси жоктугун белгилешти.

Баткендик ишкерлерге насыя берүү

Бийликтин расмий маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда 76 ишкер жабыркаган. Бийлик алардын ар бирине 200 миң сомдон насыя берүүнү убада кылган.«Биринчи жылы насыянын үстөк пайызы 0,1% болот. Бул өтө төмөн үстөк. Андан кийин банктын тарифине жараша. Насыя жаплпысынан үч жылга берилет», — деп билдирген 20-сентябрда Бюджеттик кредитти башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков.

Ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн жалпы 15,2 млн сом керек. Бул каражатты Кытайдын гранттык каражатынан алуу пландалууда.

Мындан тышкары, бийлик жабыркаган ишкерлерге 200 миң сомдон каржылык жардамын көрсөткөн. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, аталган сумма 53 ишкерге берилген.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажикстан тарап куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Тема боюнча: Баткен: Лейлектин Максат айылында 16 үй өрттөндү

Тажик бийлиги чек ара чырында Исфаранын үч айылында 14 үй толугу менен өрттөлүп, эки турак-жай жарым жартылай талкаланганын жана Овчи Калача аймагында мектеп жана бир турак үй толугу менен кыйраганын билдирген.