Баткен: Лейлектин Максат айылында 16 үй өрттөндү

Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүүлөрдүн турак жайлары жана дүкөндөр өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik басылмасына Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, учурда райондун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында ок атышуу болуп жатат.

«Мындан тышкары, Арка айылындагы жолдун жээгинде жайгашкан май куюучу жай жана соода түйүндөрүнө өрт коюлганы айтылды»

Соцтармактарда да аталган райондун Максат айылында тажик тарап «кыргызстандыктардын үйүн өрттөп жаткандыгы» боюнча тасмалар тарады — аны тажикстандыктар тартышкан.

Ал эми жергиликтүү тургундардын бири 24.kg басылмасына кыргыз чек арачылары «аймактан чыгып кеткенин» айтып, жардам берүүнү өтүнгөн.

«Максаттагы аскер бөлүгүн толугу менен күйгүзүштү. Бардык тургундар качып кетүүгө үлгүрүштү. Алгач бизди аткылашты, эми айылды курчап, үйлөрүбүздү өрттөп жатышат. Биз эсептедик саат 01:00гө 16 үйдү өрттөштү», — деген ал.

Буга чейин ТИМ эки өлкөт 29-апрель саат 20:00дөн тарта атышууну токтотуп, аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү сүйлөшүшкөнүн билдирген болчу. Ал эми УКМКнын чек ара кызматы чыр башталган Көк-Таш айылында саат 23:45ке карата ок атышуу токтогонун билдирди.