Чек ара чыры: Жабыркаган ишкерлерге 200 миң сомдон жеңилдетилген насыя берилет

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча тармактык комитети 20-сентябрда өкмөттүн кыргыз-тажик чек ара жаңжалында бизнеси жабыркаган ишкерлерге насыя берүү тууралуу сунушун жактырды.

Комитет жыйынында Бюджеттик кредитти башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков ошол кезде Баткенде 76 ишкер жабыркаганын белгиледи. Мамлекет ар бирине 200 миң сом колдоо катары берет.

«Биринчи жылы насыянын үстөк пайызы 0,1% болот. Бул өтө төмөн үстөк. Андан кийин банктын тарифине жараша. Насыя жаплпысынан үч жылга берилет», — деп билдирди ал.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн жалпы 15,2 млн сом керек. Бул каражатты Кытайдын гранттык каражатынан алуу пландалууда.

Чек ара жаңжалы

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.

Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Чек ара жаңжылы, Баткен облусу, 2021-жыл. Сүрөт: Клооп 

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган.

Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган. Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.