«Колдон келбеген эч нерсе жок». Жуманазарова дүйнө чемпионатындагы жеңиши тууралуу

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова 7-октябрда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 68 кг салмак категориясында алтын медалды багындырып, дүйнө чемпиону болду.

Таймаштан кийин балбан кыз журналисттерге маек куруп, өсүп келе жаткан спортчу кыздарга эмнеге умтулуш керектигин айтып, эмоциясы менен бөлүштү.

Жуманазарова чемпионатта жеңишке жеткени үчүн абдан бактылуу болуп турганын айтты. Анын айтымында, ал эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованы үлгү тутат.

«Ал биздин команданын лидери. 2019-жылы мен дүйнө чемпионатына жаракат алгандыктан катышкан эмесмин. Ошол жылы Айсулуу эже чемпион болгон. Ошондо мен абдан кубангам», — деди Жуманазарова.

Ал спортто ийгиликке жетүүнү кыялдаган жаш спортчу кыздар эч качан артка чегинбей, күчтүү болушу керек деп эсептейт.

«Максат коюп, аларга жеткиле. Эч нерседен коркпогула. Баары колдон келет. Колдон келбеген эч нерсе жок», — деп белгиледи балбан кыз.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрдан бери Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.Финалда Жуманазарова жапониялык спортчу Рин Мияжини жеңген.

Бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунуна түшкөн экинчи алтын медаль. Мурдараак Олимпиада оюндарында күмүш байгени багындырган Айсулуу Тыныбекова дагы бул чемпионаттын алтынын утуп, дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Жуманазаровадан сырткары күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев күмүш медаль багындырды. Ал эми Алибек Осмонов менен Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болушту.