Тыныбекова атааңдашын таза жеңип, экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду. Ал финалда АКШнын спортчусу Кайла Мираклды 7:0 эсебинде таза жеңди.

Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда багындырган чемпиондук титулун коргоп калды.

Балбан кыз беттешин 62 килограмм салмакта 4-октябрь күнү баштаган. Ал Жапониянын, Беларустун жана Украинанын спортчуларын катарынан жеңип финалга чыккан.

Спортчунун финалда алган алтын медалы бул чемпионатта Кыргызстандын куржунундагы үчүнчү медаль болду. Буга чейин Алибек Осмонов коло, Эрназар Акматалиев күмүш медалга ээ болгон.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага жалпы 15 кыргызстандык спортчу катышып жатат.

Айсулуу Тыныбекова

Тыныбекова августта өткөн Токио-2020 олипиадалык оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш медалды багындырган. Мунун менен ал — эгемен Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарында күмүш медалды багындырган алгачкы балбан кыз болгон.

Ошондой эле спортчу Азиянын эркин күрөш боюнча төрт жолку чемпиону.

Ал United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башында турат. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынган.