Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду

Мээрим Жуманазарова.

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын байгени багындырды. Ал финалдык беттеште жапониялык балбан Рин Мияжини 2:0 эсебинде утуп, Дүйнө чемпиону болду.

Мээрим Жуманазарова турнирде 68 килограмм салмакта таймашып, төрт беттеш өткөрдү.

Ал алгачкы беттеште түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Ал эми чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалдык беттеште орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип, финалга өткөн.

Жумуназарованын алган алтын медалы бул чемпионатта Кыргызстандын куржунундагы төртүнчү медаль болду. Буга чейин Алибек Осмонов коло, Эрназар Акматалиев күмүш медалга ээ болсо, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө Айсулуу Тыныбекова алтын байгени багындырып экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага жалпы 15 кыргызстандык спортчу катышып жатат.

Мээрим Жуманазарова

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Ал кыз-келиндер арасындагы күрөштө 76 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан. Ал эми 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Жапониянын Токио шаарында өткөн жайкы олимпиада оюнунда коло медаль уткан.