Жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзам президенттин укуктарын кантип кеңейтет?

Садыр Жапаров Баткен облусунда. Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Жогорку Кеңештин депутаттары «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда тең жактырып беришти. Мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров өзү сунуштаганын эске алганда, ал жакын арада күчүнө кирет деп эсептесек болот.

Алгач бул мыйзам эки долбоордон — «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорунан турган. Ал эми парламенттик комитет эки мыйзам долбоорун бириктирүүнү чечкен. Негизинен аталган мыйзам долбоору президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтет.

«Монстр-аким», «административдик вертикалды күчөтүү»

Аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, эми шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларды жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлабайт. Райондук маанидеги шаардын башчысы конкурс аркылуу тандалып, аны аким дайындайт. Мындан сырткары, акимдер айыл өкмөт башчыларды да дайындоого укуктуу болуп калышты.

Ал эми облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо президенттин ыйгарым укуктарына кирди. Ошондой эле президент район акимдерин да дайындайт.

Парламентарий Айнура Аскарова мыйзамдагы өзгөртүүлөргө жергиликтүү кеңештин депутаттары нааразы болушканын билдирди. Аскарованын айтымында, мыйзам долбоору талкууланып жатканда «өптөгөн айылдык кеңештин депутаттары ага кайрылышкан.

«“Бул жерде айылдык кеңештердин укуктары такыр жоюлуп жатат. Элдин бийлиги жокко чыгарылып, бир колго жыйналып жаткандай коркунуч болуп жатат. Бул кандайдыр бир чыр-чатак, толкундоорлорго жол ачпайбы деген коркунуч бар. Биздин үнүбүздү жеткизип койсоңуздар” деп суранышты [депутаттар] мага телефон чалып», — деди Аскарова.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов акимдерге дайындоо укуктарын берүү «коррупцияга алып келет» деген ойдо. Атазов айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөт башчыны шайлоо мүмкүнчүлүгүн калтыруу керек деп билдирди.

«[Айылдык кеңештин депутаттары] бир жолу шайласын, шайлай албаса аким дайындай берсин. [...] Арабызда отурган “сулуу-чымчык” депутаттар инилерин да айыл өкмөт башчы кылабыз деп, кээ бирлери батир бериптир, беш миң доллардан беришиптир. [Айылдык кеңештин депутаттарына] бир жолу болсо да мүмкүнчүлүк бериш керек да. Бир жолу акимди “монстр” кылып көрсөтүп албастан», — деди Атазов.

Ошондой эле, Атазов Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин президент дайындай турган кылып калтырып, бирок башка шаарларга башчыларды жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашы керек деген пикирин айтты.

Ал эми Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин орун басары Нурлан Шерипов депутатка жоо берип, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо «коррупциялык элементтер көп болуп жатканын» белгиледи. Шериповдун айтымында, бул өзгөртүүлөр «коррупциялык жана трайбалисттик көрүнүштөрдү жокко чыгаруу жана административдик вертикалды күчөтүү максатында» киргизилип жатканын белгиледи.

Райондук кеңештерди түзүү

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзам долбоорунда акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтүүдөн сырткары, райондук кеңештерди жана райондук бюджетти түзүү каралган. Баяндоочу депутат Аалы Карашев «майда маселелерди жеринде чечүү үчүн» акимдерге бюджет берүү керектигин билдирди.

«Эгерде [райондун] өзүндө бюджет болсо акимге жеринен маселени чечип коюуга жол ачылат. Ошол эле учурда, бюджетти көзөмөлдөө, отчёт алуу, социалдык-өнүгүү боюнча экономикалык программаларын караш керек. Буга байланыштуу райондук кеңешти кайрадан түзүү сунушталды. Бирок аны түзүүдө шайлоо өткөрүлбөйт. Ал кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынан куралат», — деп түшүндүрдү Карашев.

Карашев райондук кеңештин курамы аймактын калкынын санына жараша түзүлөт деп кошумчалады. Мисалы, 100 миңге чейин калкы бар райондо 20-30, ал эми элдин саны 200 миңден ашуун болгон райондордо 45-60 депутат болот.

Конституциядагы адам укугун чектөө

Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жергиликтүү тургун туулган жеринде аким, мэр же айыл өкмөт башчы боло албайт. Муну депутат Дастан Жумабеков кескин сындап, бул норма Конституцияда каралган адам укугун чектөө деп атады.

«Ротация кылгыла, мыйзамдуу жол менен алмаштыргыла бирок антип адам укугун чектебегиле. Ошол райондун кулуну болуп, өсүп, туулганына ал күнөөлүү болобу? Же башка районго каттоого туруп келип, өзүнүн районуна аким болуш керекби? Адамдын укугун чектөөгө эч кимибиздин укугу жок», — деди Жумабеков.

Жумабековго Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин орун басары Нурлан Шерипов жооп берип, мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айрым чектөө киргизүүгө мыйзам жол берет деп билдирди.

Акимдерге кол тийбестик берүү сунушу

«Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун биринчи варианты Жогорку Кеңешке июль айында сунушталган. Анда үстүдө көрсөтүлгөн нормалардан сырткары район акимдерине «кол тийбестик берүү» да каралган.

Башкача айтканда, район акимдери кылмыш жасап жаткан жеринде гана кармалбаса башка учурда президенттин гана макулдугу менен жоопко тартуу сунушталган. Бул демилге депутаттар тарабынан кескин сындалып, мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.

Анткен менен кийинки отурумда мыйзам долбоору сунушталган өзгөртүүлөр кирбегенине карабастан Жогорку Кеңеш аны биринчи окууда жактырган. Бирок экинчи жана үчүнчү окууга акимдерге «кол тийбестик берүү» сунушу жокко чыгарылган.

Дагы окуңуз: Парламент минкаб жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды