Президент Жапаров акимдерге кол тийбестик берүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы мамлекет башчысынын сайтына жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына (акимдерге) кол тийбестик берүүнү сунуштаган «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жарыялады. Долбооордо акимди кармоого, камакка алууга, тинтүүгө же жеке текшерүүгө алууга болбойт деп айтылат. Ага аким кылмыш жасап жаткан жеринен кармалса гана жол берилет.

Жаңы мыйзам долбоору акимдерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу процедурасын дагы оорлотот. Документке ылайык, акимдерди президенттин макулдугу жана башкы прокурордун сунушу менен гана кылмыш жообуна тартса болот.

«Аким өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин жана ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин акимдин ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан мезгилде жасаган укукка каршы жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине ушул беренеде каралгандан башка тартипте тартылышы мүмкүн эмес», — деп айтылат мыйзамда.

Долбоордо акимдерди дайындоо укугу дагы президентке берилген — президент аларды кызматынан бошотуу үчүн да жоопкерчилик алат. Акимдик кызматка жогорку билими жана мамлекеттик башкаруу системасында кеминде 10 жылдык иш тажрыйбасы бар адамдар талапкер боло алат. Акимдик кызматтын өзү, документке ылайык, саясий кызмат болот.

Парламенттин сайтында долбоордун демилгечиси деп президент Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, соттуулугу бар адам талапкер боло албайт — соттулугу жабылганы же алынганы мааниге ээ эмес. Ошондой эле бул кызматка мамлекеттик кызматтан «дискредитациялоочу негиздер боюнча» бошотулган же чет мамлекеттин жарандыгы бар адам талапкер боло албайт.

Депутат Дастан Бекешев телеграм-каналында мыйзам долбоору Жогорку Кенештин кароосуна киргизилгенин билдирди. Буга чейин, ал твиттерде акимдерге эмне үчүн кол тийбестик берилиши керектигин түшүнбөй турганын жазган.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» аткаруудагы мыйзам боюнча, акимдик кызмат саясий кызмат болуп эсептелбейт. Аны менен бирге акимге кол тийбестик берилген эмес, ал эми аны министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү кеңештердин биргеликте өткөн жыйындарынын сунушу боюнча дайындайт.

Ошондой эле аткаруудагы мыйзамда башка мамлекеттин жарандыгы бар адам аким боло албайт деген бир дагы көрсөтмө жок.