Абыкеев президенттин кеңешчиси, ал эми Касмамбетов мамлекеттик катчы болду

Президент Садыр Жапаровдун 12-октябрдагы жарлыгына ылайык, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев кызматынан бошотулуп, Равшан Сабировдун ордуна дайындалды. Ал эми президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Абыкеевдин ордуна келди. 

Президенттин кеңешчиси болуп турган Равшанбек Сабиров ээлеген кызматынан алынды. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу делген «Ата журт-Кыргызстан» партиясынын атынан партиялык тизме менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгону белгилүү болду.

Сабиров өткөн жылкы парламенттик шайлоого Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясы менен шайлоого катышкан.

Сабиров, Абыкеев, Касмамбетов

Равшанбек Сабиров 2013-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп турган учурунда бала асырап алуу үчүн лицензия берүүдө «пара опузалаган» деп айыпталып, кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы Бишкек шаардык соту анын мүлкүн конфискациялап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Ошол эле жылы Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок 2014-жылы сот Сабировду Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошоткон. 2021-жылдын май айында Жогорку сот Сабировдун өкүмдөрүн жокко чыгарган.

Ал эми 2021-жылдын февралында Сабиров вице-премьер-министр, кийинчерээк президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

65 жаштагы Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп үстүбүздөгү жылдын июнь айында дайындалган. Ал өлкөдө жазуучу, журналист катары да таанымал. Октябрдагы окуялардан кийин ал министрлер кабинетинин кеңешчиси болгон.

Абыкеев ар кандай мамлекеттик кызматтарга иштеген. Ал эми качкын президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген.

Мындан сырткары «Бриллант жылан», «Качкын», «Кара илбирс» сыяктуу чыгармалары менен элге таанылып, «Аалам» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттин администрациясынын жетекчиси болуп, 2021-жылы 7-майда дайындалган. Ал 1960-жылы Нарын облусунда туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых адистигин бүтүргөн.

Ал окууну аяктаган соң алгач 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуп баштаган. Кийин ушул эле жерде катчы болуп кызматынан көтөрүлгөн.

Касмамбетов 1991-жылдан баштап бир катар мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеген. 2020-жылы президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылы президенттик администрацияны жетектей баштаган.