Ангеме ойдон чыгарылган. Материал Борбордук Азиядагы IDEA уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаштар тандайт» долбоорунун алкагында жазылды.

Күз айы. Эки ай мурда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылынын жашоочулары асмандан башкача жарыкка күбө болушкан — көктөн жылдыздай болгон жарык көл тарапка жеткенде көздөн кайым болгон. Эмне болгонун эч ким түшүнбөй калды, кийин метеорит түшкөнү белгилүү болуп, издөө иштеринен соң, эч нерсе табылган жок. Өлкө бийлиги метеорит абага сүрүлүп жок болгон деп эсептейт. Бирок ошондон бери кечкисин көлдүн бети жарык болуп, кайкып учкан куштар жоголду. Күн өткөн сайын болуп жаткан бул таң калычтуу нерселерге Азамат жооп тапканга аракет кылат.

Биринчи эпизод: Көк алма

Күз келип, күн сууктап калган мезгил. Бак-дарактан ыргалып түшкөн жалбырактар сыдырым желдин ыргагы менен терезеге келип урунду. Терезенин түбүндө көк тиреген алма бак өсөт. Калың шактардын ачык жеринен керемет Ысык-Көлдүн жээги көрүнүп турат.

Терезеден айланага көз чаптырып отурган арык чырай, кара-тору, узун бойлуу жигиттин аты — Азамат. Ал алма бактагы бышайын деген кышкы алмаларды карап жатып, бетинде кочкул-көк тактар пайда болгонун байкады:

— Апа, алмалар быйыл сууктан бузулуп бара жаткан окшойт, — деди.

— Алманын бул түрү суукта бузулбайт, балам. Жыл сайын ушул эле маалда чиритпей чогултуп алчу элек го, — деген Азаматтын апасы жазуусун улантты. Динара эже айылда дарыгер болуп иштейт.

— Ооба, бирок мындай кара тактуу алмаларды эч ким сатып албай койсочу, эмне кылабыз? Ушул алмаларды сатып ноутбук алалы деп жатпадык беле?

Жубайынын эсеп-чотуна жардам берип жаткан атасы сөзгө аралашты:

— Жылда мындай кара-көк тактар түшчү эмес эле. Менимче баягыда көлгө түшкөн «жылдыздын» кесепетинен окшойт. Кокус көлгө түшүүгө таптакыр мүмкүн болбой калсачы? Анда эс алуучулар келбей, таптакыр кирешеси жок калат экенбиз да...

— Күн сайын көлдү текшерип жатабыз. Көйгөйдү биз чече алчудай эмеспиз, — деп оор үшкүрдү кагазга үңүлгөн Динара эже. Азамат апасын карап:

— Анан ушинтип жөн эле отура беребизби? Эми аны ким чече алат? — деп ата-энесин суроолуу карады. Кагаздан башын көтөргөн Азаматтын апасы аны карап, бир азга турду да:

— Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы бизбиз балам, жалпы эл. Демек, бул маселени биз дайындаган өкүлдөр чечип бериши керек. Ал болсо Жогорку Кеңеш, же парламент болуп эсептелет.

— Апа, бул жагы го түшүнүктүү, бирок биздин көйгөйдү алар кантип чечишет?

— Балам, алар биздин көйгөйдү биргеликте талкуулап, керектүү чечимдерди табышы керек. Ага тийиштүү мыйзам керек болсо, анда кабыл алышат.

Четте кагаздарды чогултуп китеп капка салып жаткан атасы Азаматты карап:

— Өлкөбүздө жашаган бардык адам салык төлөйт, ал каражаттар мамлекеттик бюджетке түшөт, аны болсо парламент депутаттары бекитет. Ошол элден чогулган акчаны коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура бөлүштүрүшү керек. Алар каражаттарды ушундай табигый кырсык же олуттуу учурлар үчүн дагы карашы керек.

Үй-бүлө мүчөлөрү сүйлөшүп отурганда, бакчадагы алмалардын абалы ого бетер начарлап жаткандай сезилди Азаматка.

— Парламент эл тандаган өкүлдөрдөн түзүлөрү түшүнүктүү, бирок аткарылган иштерди ким текшерет, создуктурулуп жүрө берсечи?

— Балам, бийлик аткарган ишмердүүлүгүнө жараша «Мыйзам чыгаруу», «Аткаруу» жана «Сот» болуп үч багытка бөлүнгөн. Парламент мыйзам жазып, кабыл алса, ошол мыйзамдардын ишке ашырылышын Аткаруу бийлиги камсыз кылат. Аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат, бирок анын төрагасы менен мүчөлөрүн дайындоого парламент макулдук берет. Жогоруда атаң айткандай, элден чогулган каражаттын кайда жумшалганы тууралуу аткаруу бийлигинин отчётун угат, — Азаматтын апасы кагазын жазып бүтүп, атасына берди.

— Анын үчүнчү бийлик бутагына кандай тиешеси бар? — апасынын колунан кагазды алып жаткан атасын суроолуу карады Азамат.

— Сенин эмне деп жатканыңды түшүндүм, туура, соттор көз карандысыз, бирок Конституция менен мыйзамга баш ийет. Алар адилеттүүлүктү мыйзам негизинде гана жүзөгө ашырышат. Демек, алардын иши дагы парламентте кабыл алынган мыйзамга түздөн-түз байланышы бар.

— Ал сотторду ким дайындайт?

— Конституциялык сот менен Жогорку соттун төрагалары парламенттин макулдугу менен шайланат. Демек аларды бекитүүдө дагы парламенттин жоопкерчилиги бар, — ушул учурда бутактагы алма жерге түштү. Азамат терезеден үн чыккан тарапка карады. Жерге түшкөн алма бөлүктөргө бөлүнүп, ичинен буу чыккандай көрүндү. Азаматтын телефонуна билдирүү келди эле, караса Аяна досу сүрөт жиберген экен. Кара-көк баскан алмуруттун сүрөтү, кыязы алардын бакчасындагы алмуруттар дагы бузулуп жаткан окшобойбу?..

Азаматтын апасы кагазын жазып бүтүп, дасторкон даярдоого киришти. Атасы алма терип келгени сыртка чыкты.

— Эхх, Аяна экөөбүз депутат болсок…— апасы жылмайып Азаматты карады:

— Балам сен эми 18ге чыктың, дагы жети жыл күтө тур. Себеби, Кыргызстанда 25 жашка толгон жаран гана депутат боло алат. Мисалы, кошунабыз Вова депутат болсо болот, себеби Кыргызстан көп улуттуу өлкө да. Алар өз улутунун көйгөйүн жакшы билет. Депутаттыкка майыптыгы бар адамдар дагы талапкерлигин коё алышат. Эгер парламент ар түрдүү этностон, ар түрдүү адамдардын тобунан түзүлсө, ар бир жарандын көйгөйү бийликке жеткиликтүү болот, — ушул учурда сырттан кол кап кийген Азаматтын атасы алма көтөрүп үйгө кирди.

Метеорит чын эле алмага таасир эткен окшойт, анын жыты да бир башкача.

— Ииий, алдагы алма каңырсып, башкача жыттанып атат. Тезирээк сыртка алып чыгып салчы, — деди кооптонгон Динара эже. Ал аңгыча Азамат кыялдануу менен:

— Парламентте жаштардын дагы өкүлдөрү болсо сонун болмок. Себеби, биздин дагы пикирибиз маанилүү да, чынбы? — Азамат Динара эже эмне деп жооп берет деген таризде кызыгуу менен карады. Сырттан Азаматтын атасы кирди.

— Ооба, жаштардын өкүлдөрү парламентте сөзсүз болушу керек. Анткени өлкөдө жаштарга тиешелүү маселелер дагы бар. Шайлоодо жаштардын таламын талаша турчу адамга добуш берсеңер болот. Жаштардын тандоосу да абдан маанилүү, — Азаматтын апасы айтып оозун жыйганча, сырттан эки көзү жашылданып Азаматтын таежеси кирип келди. Анын абалын көргөн Динара эже колундагы табагын жерге коё калып, сиңдисине чуркады. Ыйлагандан демине муунуп бара жаткан Азаматтын таежеси түшүнүктүү эч нерсе айта алган жок.

— Эмне болду Анара? Абалың кантет, жайчылык элеби? — шашкалактаган Динара эже сиңдисинин жашын аарчыды.

— Эки күндөн бери жолдошум жөтөлүп, кусуп жаткан. Дары ичип, айыгып кетет го деп ойлогом. Бирок бүгүн дем ала албай, жатып калды. Дарыгерсиз го, барып көрүңузчү, — Динара эже «Метеорит адамдын ден соолугуна да таасирин тийгизе баштаган окшойт» деп ойлоду.

Ушул маалда калың алма шактарынан өтүп, терезени черткилеп музыка угула түштү Азаматтын кулагына. Жакшылап тыңшаса, гимн жаңырып жаткандай, музыканын дабышы жакындап келе берди…

Көл жээгиндеги айылды эстен тандырган таң калычтуу окуялардын уландысын кийинки бөлүмдөн окуңуз.

Автору: Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: Дарья Удалова