Ангеме ойдон чыгарылган. Материал Борбордук Азиядагы IDEA уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаштар тандайт» долбоорунун алкагында жазылды.

Көл жээгиндеги айылды эстен тандырган таң калычтуу окуялардын башталышын бул жерден окуңуз.

Эки ай мурда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылына түшкөн метеориттин терс таасири барган сайын күчөй баштады. Бакчадагы алмаларга кара-көк тактар түшүп, ал тургай, тургундардын ден соолугуна коркунуч жаралды — Азаматтын жездеси ооруп, төшөктө. Жашоочулар таң калычтуу өзгөрүүлөрдү байкап, ичинен тынчсызданууда. Айылга музыканы жаңыртып, каз-катар тизилген унаалар кирип келди. Мындай абалда шаңдуу музыка жашоочулардын кыжырын келтирип, кызыктай угулду. Абалга кызыга түшкөн Азамат эмне болуп жатканын билүү үчүн добуш чыккан тарапка жөнөдү.

Экинчи эпизод: «Кызыл алма»

Музыка калың алма шактарынан өтүп, терезени черткилейт. Азамат кулагын түрүп тыңшаса, гимн жаңырып жаткандай. Караса, алыстан көл жээгин бойлоп, желек тагылган капкара унаалар келе жатат.

Азаматтын таежеси үзүлүп түшүп, Динара эжеге жалбарды:
— Эжеке, тезирээк барбасаңыз болбойт. Абалы мынчалык тез начарлап кетет деп ойлогон эмесмин.

— Мен барып көрүп келейин, силер үйдө эле болгула, жугуштуу нерсе болуп жүрбөсүн! — Динара эже дары салган кабын алып, сиңдиси менен сыртка жөнөдү. Үйдө калган Азамат «Эл өкүлдөрү… Биздин көйгөйдү чечкени келди окшойт» деп ойлоп, атасы менен сыртка жөнөдү. Чоң көчөгө чыгып, музыка угулуп жаткан тарапка бет алды. Жээкте турган калың элдин шарданына кошулду, унаадан кара күрмө кийген адамдар түштү. Арасынан бирөө чыгып, келген меймандарды тааныштырды — «Кызыл жер» партиясынан эл өкүлү болуп шайланган Алым Каражанов менен Бектен Сатылганов. Аларды көргөн Азаматтын көзүндө үмүт шамы жана түштү.

Дүңкүлдөгөн музыканын коштоосунда эл өкүлдөрү метеорит түштү деген жерди колу менен көрсөтүп, сүрөткө түшө баштады. Бир аз өткөн соң, буга чейин маалымат каражаттарынан уккан билдирүүлөргө таянып, сөз сүйлөөгө киришти.

— Урматтуу Чок-Тал айылынын тургундары, сиздер менен жүз көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Биз, «Кызыл жер» партиясынын өкүлдөрү, айылда жашаган ар бириңердин маселеңерди билебиз. Жакында эле көлгө метеорит түштү, биз илимпоздорду жөнөтүп, бардыгын изилдегени жатабыз. Балким баалуу табылга болушу мүмкүн. Биз, ушул жерге келген эл өкүлдөрү, ар дайым элдин кызыкчылыгын ойлоп келе жатабыз. Мындан ары дагы силер деп чуркайбыз. Ишендирип кетейин, эртең шаарга барсам, изилдөө иштерин өз көзөмөлүмө алам!

Ушул маалда Динара эже сиңдисинин үйүнө барып, төшөктө жаткан күйөө баласынын күрөө тамырын кармады. Демейде дирилдеп сокчу кандын басымы араң эле өтүп жаткандай. Динара эженин жүзүн көргөн сиңдиси «күйөөмдүн өмүрү кылдын учунда турган окшобойбу?» деп ойлоду.

Келген эл өкүлдөрү сөз сүйлөгөн соң, партиянын белгиси түшүрүлгөн барактарды тургундарга таратты — «Кызыл жер» — сиздин ишенимдүү өкүлүңүз!

Эл арасында суроо берүүгө даярданып тургандар болду. Бирок келгендер суроо-жооп үчүн убакыт бөлбөй, дароо эле тургундар менен сүрөткө түшө баштады. Ал эми жергиликтүү бийлик башчылары: «Биздин түшүмдөн ооз тийиңиздер» деп келген меймандарга чоктой кызыл алмаларды белек кылып берди. «Бул алмалар башка жерден алынып келинген окшойт» деп ойлоду Азамат. Жергиликтүү бийлик башчылары айылда болуп жаткандарды чоңдордон жашырып жаткандай. Азаматтын жанында турган, айылдын алдыңкы тургундарынын бири Сабыр байке бир нерсе дейин деди эле, четте турган ак сакалдардын бири: «Сөзүңөрдү коё тургула», — деп койду.

Азамат эл өкүлдөрү Каражанов менен Сатылгановдун маселенин чоо-жайын сурабаганына, айылда болуп жаткан таң калычтуу окуяларды териштирбегенине таң калды. Буга чейин аймак аралык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жан үрөп жүргөн Сабыр байке түз турган калыбынан жазбай:

— Булар баягысын баштады… — Азамат түшүнө бербей тактоо иретинде суроо узатты:

— Эмнени?

— Жакында жаңы депутаттар шайланат. Ушундай иштин артынан таанымал болуп алышы керек да. Себеби, алардын эл кыдырып жүргөнүн көргөн башка айылдын жашоочулары «жакшы адамдар окшойт, эл деп жүрүшөт» деп ойлоп калышат.

— Бирок булар биздин көйгөйдү толук кандуу уккан жок го. Эмнеге андай кылышты? Башка жерде маанилүү иши бар го?

— Балким бизден кийинки айылга барып, барактарын таратканы жаткандыр. Мына, — Сабыр байке колундагы үгүт барагын көрсөттү, — булар мурдагы чакырылышта дагы эл өкүлү болушкан. Экөө эки башка партиядан шайланган, кийин көпчүлүк коалицияга бириккен. Башкача айтканда, парламентке өткөн партиялар карманган саясий көз карашына жараша көпчүлүк коалицияга биригет же оппозицияда калат — ушул учурда эл өкүлдөрү тургундарга ыраазычылык билдирип, унааларына отурду. Кайдадыр шашып жаткандай түр көрсөтүп, элдин суроосуна жооп берүүнү ойлоп да коюшкан жок.

— Атамдар парламенттеги бирикме тууралуу эч нерсени айткан эмес, анын эмне кереги бар? Бул шайлоодон кийин дагы ошондой болобу?

— Эми андай биригүү мыйзамдарды талкуулап, кабыл алуу үчүн зарыл, анткени мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн көпчүлүктүн добушу керек. Жаңы мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү фракциялар менен депутаттык топторго бириге алышат. Фракция дегеним, бир саясий партиядан шайланып келген парламент депутаттарынын тобу. Ал эми мыйзамдар эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат. Конституциялык же чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу менен кабыл алынат. Негизи, 90 депутаттын үчтөн экиси 60 депутатка барабар болот.

— Көйгөйүбүздү бир эл өкүлү чече албайт экен да. Коомдун маселесин чечүүгө кызыктар депутаттарды шайлашыбыз керек турбайбы, демек.

— Туура, парламентте элдин кызыкчылыгын көздөгөн депутаттардын көпчүлүгү болбосо, бир адам эч нерсе кыла албашы мүмкүн.

— Түшүнүктүү. Эл өкүлдөрү кантип добуш берет, бири-биринин ордуна макулдук берсе болобу?

— Жок, андай нерсе жок. Жыйналыштар депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышканда гана мыйзам чегинде болот. Ал эми чечимдер депутаттардын жеке өзүнүн добуш берүүсү менен гана кабыл алынат.

— Ошондо, депутаттар бир гана жолу добуш беришеби?

— Парламентте депутаттар жетиштүү санда чогулуп, мыйзамды үч окуудан соң кабыл алат, — эл өкүлдөрү отурган капкара унаалар шаарды көздөй бет алды — Ысык-Көлдүн борбору айылдан жарым саат алыстыкта жайгашкан.

Динара эже күйөө баласын текшерген соң, «тезинен ооруканага алып баруу керек» экенин айтты. Сиңдиси жолдошун шаардык ооруканага алып баруу үчүн унаа издеп жөнөдү, адатта шаарга унаалар эртең менен гана каттайт. Тургундар кээде жол тосуп шаарга жетип алышат. Азаматтын таежеси чоң жолдон өткөн унааларды токтотууга аракет кылып жүрөт — жолдошунун абалын ойлогондо мууну калчылдайт.

Чоң жолдо көл тараптан кара түстөгү бир нече унаа келе жатат. «Эми ушулар токтосо керек» деген үмүттө Азаматтын таежеси кол булгалады. Бирок, унаада жалгыз отурган кара-тору толмоч адам аны кабагын чытып, таң калуу менен дагы, жийиркенүү менен дагы карап өттү. Ушул учурда Азаматтын таежесинин көзү унаадагы толмоч адамдын көзүнө чагыла түштү, «адамдын сөзүнөн байкабаганды, көзүнөн байкасаң болот» дейт эмеспи, ал адам Азаматтын таежесинин абалын түшүнө алган жок. Унаа «зуу» коюп өтүп кетти.

Чогулган эл үйлөрүнө тараган соң, Азамат депутаттардын кантип шайланарына кызыгып, Сабыр байкеге суроо узатты. Азаматтын кызыгып жатканын байкаган ал, баштыктан китеп алып чыгып сунду:

— Бул жерде кызыккан суроолоруңдун бардыгына жооп таба аласың, — Азамат сырты кызыл китепти колуна алып, кызыгуу менен карады да, «чын эле бардык суроомо жооп бере алабы?» деп ойлоду...

Көл жээгиндеги айылды эстен тандырган таң калычтуу окуялардын уландысын кийинки бөлүмдөн окуңуз.

Автору: Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: Дарья Удалова