Жогорку сот кайненесин бычактап өлтүргөн Сузактын тургунун 20 жылга кести

Аскар Тургунбаев

Жогорку сот Сузак районунда кайын энесин бычактап, кайын атасын өлтүрүүгө аракет кылган 18 жаштагы Аскар Тургунбаевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Сузак райондук жана Жалал-Абад облустук соту ага 200 миң сом айып пул салып, 20 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Тургунбаев «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү», «Турак жайга болгон кол тийбестикти бузуу», «Киши уурдоо», ошондой эле «Уруп-согуп кыйноо» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Сузактагы киши өлтүрүү

2020-жылдын июль айында Сузак райондук милициясы 66 жаштагы кишиге бир нече жолу бычак сайып, 63 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектеп 18 жаштагы тургунду кармаган. Жабырлануучулар кармалган адамдын жубайынын таене-таятасы болгон.

Маалыматка ылайык, шектүү «кызганычтын айынан» кош бойлуу аялына кол көтөргөн. Аялы ата-энесинин үйүнө кетип калган. Аны артка кайтарып келүү үчүн барганда ата-энеси жөнөтпөй койгон.

Тургунбаев кыздын ата-энесин «өлтүрөм» деп кеткени айтылган. Ал 2020-жылдын 1-июлга караган түнү кыздын үйүнө атайын беткапчан келип, кайын атасынын мойнуна үч жолу, кайын энесине «өзгөчө мыкаачылык» менен 16 жолу бычак сайган. Андан соң аялынын колу-бутун байлап, күч колдонуу менен өз үйүнө алып кеткен.

Соттолуучунун аялы Тургунбаев аны 2020-жылдын февраль айында «ала качып» кеткенин, ал ата-энесинин макулдугу менен жашап калганын «Турмушка» билдирген. Ал эми жарым жыл өтпөй соттолуучу ага кол көтөрө баштаган.

Соттук отурумдарда айыпталуучу Тургунбаев күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алып, ал күнү кайын атасы ага «бычак шилтегенин» айткан. Кийинчерээк эмне болгону «эсинде жоктугун» билдирген.

Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында катталган. Талас райондук милициясы аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген Кара-Суу айылынын тургунун кармаган. Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, окуя болгон күнү жубайлардын ортосунда чатак чыгып, шектүү аялына бычак сайган. Аял окуя болгон жерде дароо каза болгон.