Таласта бычакталган аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Талас районунун Кара-Суу айылындагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон 37 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Кылмышка шектелип маркумдун күйөсү кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Талас ОИИББнын маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, окуя болгон күнү жубайлардын ортосунда чатак чыгып, шектүү аялына бычак сайган. Аял окуя болгон жерде дароо каза болгон.

«Факты “Киши өлтүрүү” беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми шектүү Талас райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды», — деп кошумчалады Сарногоева.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон адам өлтүрүү болот — аялдар күйөөсүнүн, чогуу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин колунан ажал табат.

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Бишкектин тургуну аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Чүй облусунда 60 жаштагы аялды өз үйүндө бычактап өлтүргөндөр изделүүдө