Сузакта кайын энесин бычактап өлтүргөн 18 жаштагы тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кайын энесин бычактап өлтүрүп, кайын атасына жаракат келтирген 18 жаштагы тургун кармалды. Окуя 1-июлга караган түнү болгон.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондун айылдарынын биринен адам өлтүрүү боюнча кылмыш жасалганы туурасында чакыруу келип түшкөн.

Милициянын ыкчам тобу жерине барганда, үйдөн 63 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Ага сырттан кароо жүргүзүлүп, денесине 16 жолу бычак сайылганы аныкталган. Ошондой эле 66 жаштагы киши 3 жолу бычак жегени тастыкталып, аймактык ооруканага жаткырылган.

«Шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабап жаткандыктан, ал ата-энесинин үйүнө келе берген. Шектүү аялын алып кетүү үчүн 29-июнда келгенде, ата-энеси жибербей койгондуктан, өлтүрөм деп кеткен экен. 1-июлда түнкү саат 12лер чамасында келип кайын энеси менен кайын атасын бычактап, жубайын күч менен үйүнө алып барып, өзү жашынып алган», – деп түшүндүрдү Жээнтаев.

Жээнтаев окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, атайын көздөрү оюлуп-тилинген баш кийимден жасалган беткап жана башка тиешелүү буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалганын айтты. Шектүү 1-июлда кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталууда. ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек?

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: