Блогер-депутат. Матраимовду актап, мамкызматка кайра алып келүүнү сурангандар кимдер?

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат-жыйында бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду мамлекеттик кызматка алып кетүү ниети жок экенин билдирди.

«Матраимов бюджетке 2 млрд сом төктү. Андан сырткары анын мүлктөрүн алдык. Соода борбору мамлекеттин карамагына өтүп, калкты тейлөө борбору болуп иштеп жатат. Андан сырткары, батирлери алынган. Аларды дарыгерлерге бердик. Ооба, ал күнөөсүн мойнуна алган үчүн келип төгүп берди да[мамлекетке келтирген зыяндын ордун]. Аны кызматка алып келиш керек, менеджер дегенди "өздөрүн блогер эсептегендер" чыгарып жатса керек. Мамлекеттин андай саясаты жок», — деп айтты президент.

Эгерде Жапаров блогер деп Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын айтып жаткан болсо, анда чынында эле ошондой. Анткени дал ушул парламент депутаттары коррупционер экенин мойнуна алган экс-бажычынын менеджерлик сапатын жогору баалап, кайрадан өкмөткө алып келүүнү суранышкан болчу.

Парламенттеги «блогерлер» деген кимдер?

Октябрдын башында депутат Мейкинбек Абдалиев Матраимовдун Бажы кызматындагы кесипкөйлүгүн эки жолу мактаганга жетишти.

Депутат Мейкинбек Абдалиев. Жогорку Кеңештин жыйынынан скриншот

Абдалиев Матраимов жүк ташуунун ири тармагын түптөп, анын натыйжасындагы атамекендик өндүрүшчүлөр коңшу Казакстан менен атаандашууга шарт түзүлгөн деген аргументти бетине кармаган. Ал Матраимовдун схемасы бузулгандыктан, бизнес толугу менен Казакстанга өтүп кетти деп эсептейт.

Журналисттик иликтөөлөргө таянсак, Матраимов ишкер Хабибула Абдукадырга кымбат товарларды арзан текстиль деген ат менен Кыргызстан аркылуу алып өтүп, тиешелүү салыктарды төлөбөстөн чыгарып кетүүгө шарт түзгөн коррупциялык схеманын башында турган.

Ошондой эле, ал 7-октябрда парламент жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Ибраевге «уялбай эле Райымбек Матраимовго жардам сурап кайрылууну» сунуштаган. Абдалиев мындай кадам Кытайдан товарды алып келүү маселесин чечүүгө жардам бере алат деп эсептейт.

Чындыгында, оор жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар бир нече жолу нааразылык акциясына чыгып, Хабибула Абдукадырдын «Абу Сахий» компаниясына даттанып ЖМКга кайрылышкан. Компаниянын унаалары Кытай чек арасынан тоскоолдуксуз өтүп жаткан чакта, кыргыз айдоочулары бөгөттөргө, коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышкан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов барган тойдо отургандан кийин, Жогорку Кеңеш депутаттары биринен сала бири трибунада туруп, экс-бажычы Райымбек Матраимовду актай башташкан.

«Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов Матраимовду министрлер кабинетине кайра алып келүү керек деп айтып, тиешелүү сунушун Ташиевге жолдогон. Анын айтымында экс-бажычы мыкты жигит, аны каралагандар өлкөгө коркунуч алып келүүнү каалаган чыккынчылар.

Депутат Бактыбек Райымкулов. Жогорку Кеңештин жыйынынан скриншот.

Райымкуловдон кийин Матримовду коргоп жаңы келген депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөгөн.

Депутат Шайлообек Атазов. Жогорку Кеңештин жыйынынан скриншот. 

«Райымбек Матраимов деп жатасыңар, ага окшогон менеджерлерди алып келип [мамлекеттик кызматка] коюш керек. Анын алдында отуруп койсо [бир дасторкондо] эмне болуп калыптыр? Кылмышкер болуп калыптырбы?» — деп жооп берген Атазов Дастан Бекешевге.

Андан соң Атазов Матраимовдун коррупционер же коррупционер эмес экенин сот гана чечет деген пикирин айткан.

«Соттон далилдеп бериңиз. Андан кийин сүйлөшөбүз!» — деген Атазов.

Бирок, Атазов Бишкектин Биринчи май райондук соту Матаримовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, болгону 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген күндү өткөрүп жиберген өңдөнөт.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Атазов менен Райымкулов Матраимовду колдогон митингдерден калбай катышып келишет. Бул экөөнөн сырткары коррупционерди колдогондордун арасында депутаттар Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев жана Искендер Матраимов да бар.

Матраимов жана коррупция

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукадырдын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кете алган — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Райымбек Матраимов ортодо.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоо себеп болгон. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.