Депутат бажы башчысына Райымбек Матраимовго жардам сурап кайрылууну сунуштады

Депутат Мейкинбек Абдалиев 7-октябрда парламент жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Ибраевге «уялбай эле Райымбек Матраимовго жардам сурап кайрылууну» сунуштады.

Депутат коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган бажы башчысынын экс-орун басары Матраимов азыркы бийликке Кытайдан товарды алып келүү маселесин чечүүгө жардам бере алат деп эсептейт.

Абдалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тигүү тармагы көптөгөн кыйынчылыктарга кабылууда. Мисалы, анын айтымында, кездемелер чек арада туруп калып жаткандыктан кыйынчылыктар жаралууда, себебеи алар өлкөгө Казакстан аркылуу гана кирип калган.

«Мисалы, жайында тигиле турган кийимдердин материалын Казакстан атайын кармап, бир жума калганда берип жатат. Бир жумада биздин тигүүчүлөр сезонго тигип үлгүрө албай калууда», — деди ал.

Абдалиев даяр товарларды Орусияга жеткирүүдө дагы көйгөй жаралып атканын билдирди. «Самопошив жүктөлгөн оор унаалар мурда Орусияга төрт күндө жетчү. Азыр 20 күн, бир айлап жете албай калган күндөр болуп жатат. Казакстан менен Орусия атайын ыңгайсыздык түзүп жатышат. Ушул маселени биз карап бермейинче болбойт. Кытайдан товар алып келүү маселесин чечиш үчүн биз уялбай эле Матраимов Райымдан [жардам сурап, ошол адамдын тажрыйбасын колдонолу. Бажынын жетекичиси, уялбаңыз, [жардам] сураңыз, ал адамдын тажрыйбасы бар», — деп билдирди Абдалиев.

Ушул эле эл өкүлү 29-сентябрдагы жыйында «Матраимовдун системасы өлкө үчүн пайдалуу болчу» деп айткан.

«Биз Матраимовду, анын системасын жок кылабыз деп отуруп, Казакстанга бүт бизнести кетирип салдык. Менин билишимче биздин көптөгөн ишкерлер, iPhone’дон баштап Кытайдан ташыйт. Биздин ишкерлер Өзбекстанга, Казакстанга жана Орусияга биздин өлкө аркылуу ташышат. Аны дагы бууп отуруп, ушул бизнести дагы жок кылып албайбызбы? Мына азыр Матраимовдун мурдагы схемасын көрдүк да элге канчалык пайдасы тийгенин», — деп билдирген депутат.

Райымбек Матраимов

Матраимовдун убагында өлкөдө бизнес үчүн жакшы болгону тууралуу аргумент мурда да айтылган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында журналист жана Матраимовдун тарапташы — Дайырбек Орунбеков дагы — иликтөөчүлөрдү кыргыз бажысындагы аткезчилик жана коррупция тууралуу материалдары үчүн сынга алган.

Анда ал журналисттердин иликтөөсү Кытайдан ташылган товарлардын баасынын өсүшүнө алып келди деп билдирген. Анын айтымында, мурда товарлар Кыргызстанга түз келип турган, эми болсо Казакстан аркылуу ташылып жатат.

Матраимов жана бажыдагы коррупция

Райымбек Матраимовдун ысымы коомчулукка «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөлөрүнөн кийин таанылган. Журналисттер Матраимов Мамлекеттик бажы кызматында иштеп турган убакта өзүнө жана өнөктөшү Хабибулла Абдукадырга миллиондогон долларларды алып келип турган эбегейсиз коррупциялык схеманы жолго койгонун далилдешкен.

Тема боюнча: Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Райымбек Матраимов

Коррупциядан тышкары Матраимовдун иши менен Кытайдын уйгур тектүү бизнесмени Айэркен Саймаитинин киши колдуу болушу да байланыштуу. Журналисттерге дал ошол Саймаити Матраимов бажыда колдонгон схемалар тууралуу айтып берген. Ошондой эле ал Кыргызстандан миллиондогон долларлар кантип чыгарылып турганын, ал акчаларды чыгарууда өзү да курьер болгонун айтып берген.

Кыргызстандын бийлиги экс-бажычынын ишммердигин көп убакыт текшербей, ал эми ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун күнөөсүн далилдей турган «фактыларды сурап» туруп алган. Буга Матраимовдун үй-бүлөсү өлкөдөгү эң эле таасири күчтүү кландардын бири болгону себеп эле.

Кошумча окуңуз: Бир эле Бишкекте эмес. Дүйнөнүн ар башка шаарларындагы кыргызстандыктардын «Re:Акциясы»

2020-жылдын октябрында өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, Матраимов менен байланышкан «Мекеним Кыргызстан» партиясы экинчи орунга чыккан. Ошондой эле парламентке бийликчил «Биримдик», бийликке ыктаган «Кыргызстан» партиялары өткөн, бирок бир да оппозициячыл партия өткөн эмес.

Шайлоо башталып аяктаганга чейин «Мекеним Кыргызстан» добуштарды сатып алууга, ал эми бийликчил партиялар админресурсту колдонууга айыпталышкан.

Шайлоонун жыйынтыгы оппозициялык партияларды митингге чыгууга мажбур кылган. Андан соң алардын катарына бийликке келген партияларга нааразы болгон жарандар да кошулган.

Натыйжада Ак үй басып алынып, бул өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген.

Матраимов ошондон кийин гана УКМК тарабынан кармалган. Экс-бажычы мамлекетке кыймылсыз мүлктөрүн кошуп жалпы 2 млрд сом [24 млн доллар] өлчөмүндө зыянды төлөп берүүгө макул болгон.

УКМК кызматкерлери Матраимовду кармап жатат.

Ошондой эле Матраимов сотто бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган. Иш жүзүндө Кыргызстандагы эң эле чуулгандуу окуя 3 миң долларлык штраф менен аяктаган десе болот.

Салынган 260 миң сом айып Кыргызстандан бажыдагы коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылган 700 млн доллардын 0,00043%ын гана түзөт.

Ал эми мамлекетке төгүлгөн 24 млн АКШ доллары — бул коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылып кеткен сумманын дээрлик 3,5%ы.

Бийлик Матраимовго карата кыйла жеңил жаза колдонгону менен АКШ экс-чиновниктин жана анын жубайы Уулкан Тургунованын (азыр Сулайманова) ысымын санкциялык делген «Магнитский тизмесине» киргизген.

Мындай санкцияга илингендердин АКШдагы мүлкү, эгер табылып калса камакка алынат. АКШнын санкциялык тизмесине түшүү башка мамлекеттердеги дагы санкцияларга алып келиши мүмкүн — «эгерде кимдир-бирөө бир өлкөнүн “кара тизмесине” илинсе, анын таасири башка өлкөлөргө да тарап, санкция салбаган эле жерде мүлкү чыкса, ал камакка алынышы мүмкүн».

Тема боюнча:

OCCRPнин өкүлү: «Магнитский тизмесине» кирген Матраимовду эми эмне күтөт?

Райымбек Матраимов коррупционер экенин моюндады. Сот ага 260 миң сом айып салды