УКМК төрагасы үй берген. БШК Ташиевдин инисине карата доо арызды карайт

Бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары Боршайком УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, парламент депутаттыгына талапкер Шайырбек Ташиевдин үстүнөн даттанууну карайт деп жазышты.

Алардын маалыматы боюнча, Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургундарынын бирине турак үй белек кылган. Ал үйдүн курулушун толугу менен өз чөнтөгүнөн төлөп бергени белгиленген.

Социалдык тармактарда үй ээсине ачкыч тапшыруу аземиндеги сүрөттөр тарады.

Бирок, мыйзам боюнча депутаттыкка талапкердин жакын туугандары үгүт маалында кайрымдуулук иштери менен алек боло албайт.

Ал эми УКМКнын төрагасынын бир тууганы Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал тургай, талапкерлигин дал ошол Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан коюп жатат.

Шайырбек Ташиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин 8-октябрда билдирген. Анын айтымында депутаттыкка барууну «эл өзү суранып жатат».

Шайырбек Ташиев эмне менен алектенет?

Шайырбек Ташиев — мамлекеттик кызматтарды аркалаган, ошол эле маалда жеке ишкерлик менен да алектенген.

Ташиевдин айтымында, ал эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүндө адис катары баштаган. Кийинчерээк, 2001-жылы, ал Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, ошол эле жылы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде жетектөөчү адис да болгон.

Ал эми 2003-2013-жылдары Шайырбек Ташиев «Жалал-Абад» бажысында иштеген. Ташиев инспектордон башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.

2013-жылы Шайырбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин бошотулушун талап кылып, Жалал-Абадда митинг уюштурган. Анын жүрүшүндө митингчилер облустук администрациянын имаратын басып алып, Бишкек — Ош унаа жолун тосушкан.

Кийинчерээк митингчилердин алтоосуна «Массалык башалмандыктар» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айып тагылган — алардын ичинде Шайырбек Ташиев жана Жалал-Абад облусунун учурдагы башчысы Абсаттар Сыргабаев да бар. 2013-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусттук соту аларды күнөөлүү деп таап, айыпталуучулардын ар бири үч жылга шарттуу кесилген.

Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот Шайырбек Ташиев жана башка айыпталуучулардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

Шайырбек Ташиев бажыдан кеткенден кийин Кыргыз-өзбек-азербайжан «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводун» жетектеп баштаган. Ал эми 2016-жылы ал Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого агасы негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан.

2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешке атайын кызматтын башчысынын уулу Тай-Мурас Ташиев да «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан мандат алган. Алты айдан кийин ал мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазган. Мунун себебин «саясатка аралашууга эрте экен» деп негиздеген.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Камчыбек Ташиевге таандык болгону айтылып жүрөт. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке кагып келет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.