Блогер Гүлзат Мамытбек бир айга камакка алынды

27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту блогер Гүлзат Алымкулованы (Гүлзат Мамытбек) бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 25-ноябрга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө изоляторунда болот.

Гүлзат Мамытбекти Биринчи май РИИБи 25-октябрда алдамчылыкка шектеп кармаган. 2020-жылы блогердин үстүнөн жети кишиден арыз түшкөн.

Жабырлануучулар блогер алардын «ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акча алганын» билдиришкен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң доллардан ашат.

Биринчи май РИИБи «Алдамчылык» беренеси менен иш козгогон, бирок шектүү 2020-жылдын февраль айынын башында өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми шектүү издөөдө жүргөндүктөн 2020-жылдын 8-августтунда тергөө убактылуу токтотулган. Гүлзат Мамытбек 25-октябрында өлкөгө кайтып келгенде «Манас» эл аралык аэропортунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.