110 миң доллар. Блогер Гүлзат Мамытбек «Алдамчылыкка» шектелип кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы блогер Гүлзат Алымкулованы (Гүлзат Мамытбек) алдамчылыкка шектеп кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы 26-октябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы милицияга Гүлзат Мамытбектин үстүнөн жети жаран арыз менен кайрылып, ага карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучулар блогер алардын «ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акчаларын алганын» билдиришкен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң доллардан ашат.

Биринчи май РИИБи «Алдамчылык» беренеси менен иш козгогон, бирок шектүү 2020-жылдын февраль айынын башында өлкөдөн чыгып кеткен.

«Гүлзат Алымкуловага ошол эле жылдын 8-июнунда “Алдамчылыкка” шектелип жатканы тууралуу сырттан билдирме берилген [...] Буга байланыштуу 13-июнда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту сырттан баш коргоо чарасын карап, №1 ТИЗОго камакка алуу чечимин чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шектүү издөөдө жүргөндүктөн 2020-жылдын 8-августтунда тергөө убактылуу токтотулган. Гүлзат Мамытбек 25-октябрында өлкөгө кайтканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Коомчулукта мотиватор катары белгилүү Гүлзат Мамытбек Инстаграм баракчасында Түркияда иштеп жүргөнүн айтып, сүрөт-видеолору менен бөлүшүп келген. Акыркы жолу «Супер Инфо» газетасына берген маегинде

Аланья шаарында карыздарын төлөө үчүн иштеп атканын билдирген.

Ал 2017-жылы өзүн «Жаңы Кыргыз деми» деп атап, мотивация берүүчү контент даярдап келген. Ошондой эле, ал High Time тил үйрөтүү курсун негиздеген.