БШКнын Талант Мамытов боюнча чечими жокко чыкты

Бишкектин Административдик соту 28-октябрда «Ынтымак» партиясынын доо арызын канааттандырды, ага ылайык БШКнын Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартуу чечими жокко чыкты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Бирок Бишкектин административдик сотунун бул чечимин БШК Жогорку сотко даттанса болот.

Макала жарык көрөрдө Боршайкомдун юридикалык бөлүмүнөн «Клооптун» кабарчысына сот чечимин алыша электигин маалымдашты.

24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан болчу.

Ал «Ынтымак» партиясынан талапкер. БШК аны каттоодон баш тартууга парламенттин спикерлик кызматын тапшырбаганы себеп болгонун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган мамкызматкер үгүт маалында кызматын тапшырышы керек болчу. Бирок ал тапшырган эмес.

Ал арада «Ынтымак» партиясы Боршайком мындай чечимди “процессуалдык ченемдерли одоно бузуу менен” кабыл алганын билдирген. Партиядан маалымдашкандай Мамытов депутаттыкка талапкерлигин койгонуна байланыштуу спикерлик ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага өткөрүп берген. Партиядан ыйгарым укугу вице-спикерге өткөнү тууралуу кат жүзүндөгү билдирме БШКга «өз убагында, жыйынга чейин» келип түшкөн деп ишендирүүдө.

Ошондой эле «Ынтымактан» «учурдагы мыйзам Жогорку Кеңештин төрагасына кызматтык ыйгарым укуктарын токтотпойт туруп шайлоого катышууга мүмкүндүк берерин, себеби, спикер БШКнын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган сыяктуу эле, депутаттардын арасынан шайланат деп белгилешти».

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.

Тема боюнча окуңуз: Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду