Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

Эрулан Кокулов / Алмамбет Шыкмаматов / Чыңыгз Макешов / Марлен Маматалиев / Талант Мамытов / Адинай Марипова

«Ынтымак» саясий партиясы 11-октябрда Бишкек шаарында съезд өткөрүп, парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Учурда «Ынтымак» 20 талапкердин атын ачыктады. Партияны шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты, «Келечек» партиясынын лидери Чыңгыз Макешов жетектемей болду.

Экинчи катар санда «Ынтымактын» негиздөөчүсү, депутат Марлен Маматалиев бар. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган.

«Ынтымак» партиясына «Республика — Ата-Журттун» төрт депутаты кошулду. Алар спикер Талант Мамытов, Нурбек Тотонов, Сагындык Келдибаев жана Арзыбек Карыбеков.

Мамытов президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин мурдагы партиялашы жана жакын адамдарынын бири. Ал октябрь окуяларынан кийин парламенттин төрагасы болуп шайланган.

2012-жылы Мамытов, Ташиев жана Жапаров «бийликти күч менен басып алууга» айыпталып соттолгон. Ал эми бийлик алмашкандан кийин Жогорку сот үч саясатчыны толугу менен актаган.

  • Адинай Марипова — президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы. Аталган кызматка Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин дайындалган. Марипова 2020-жылы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Кийинчерээк ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдоп жүргөн. Ошондой эле, ал экс-депутат жана Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кеңешчи болгон;
  • Бакыт Тентишев — «Бирге» партиясынын лидери. Аталган партия «Ынтымакка» 8-октябрда кошулду;
  • Гүлнара Ташибекова — Бишкектеги №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери;
  • Алмамбет Шыкмаматов — «Ата Мекен» партиясынан экс-депутат жана мурдагы инвестициялар министри. Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен аттанган. Садыр Жапаровду бийликке келгенден кийин аны колдогондордун катарында болгон. Президенттик шайлоодо Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген. Шайлоодон кийин ал инвестициялар министри болуп дайындалган.
  • Нурболот Мирзахмедов — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Жаркынбек Касымбеков — «Чоң Казат» партиясынын лидери. Касымбеков Бишкектин тез жардам кызматынын мурдагы жетекчиси — ал 2015-жылы «мыйзамсыз тендер өткөрүүгө» айыпталып, 2018-жылы 300 миң сомдук айыпка жыгылган. Ал эми 2020-жылы октябрь окуяларында Касымбеков өзүн саламаттык сактоо министри деп жарыялаган;
  • Балбак Түлөбаев — Ысык-Көл облусунун экс-башчысы, октябрь окуяларынан кийин Бишкек мэринин милдетин аткарган. Ал кызматын үстүбүздөгү жылдын февраль айында тапшырды. Түлөбаев 2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин Садыр Жапаровду колдоп чыккан;
  • Эрулан Кокулов — активист жана «Не сахар» берүүсүнүн алып баруучусу;
  • Лейла Лурова — жеке ишкер жана Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого «Республика» партиясы менен аттанган;
  • Вероника Исаева — «Чоң Казат» кыймылынын мурдагы мүчөсү. Октябрдагы төңкөрүштөн кийин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
  • Канат Мидин уулу — «Республика» партиясынын жаштар канатынын мурдагы лидери, «Ынтымак» партиясынын теңтөрагасы;
  • Аида Исатбек кызы — «Нурс Мебель» ЖЧКсынын директору;
  • Шарапаткан Мажитова — «Модерн Стиль» курулуш компаниясынын директору;
  • Абдиталип Акимов — 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2021: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын алдын ала тизмеси жарыяланды

Жанар Акаев: Келерки шайлоого карата эки чоң партия түзүлүп жатат