COVID-19: Азия өнүктүрүү банкы вакцина сатып алууга 25 млн доллар берет

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга СOVID-19’га каршы вакцина сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 25 млн доллар бөлүү долбоорун бекитти.

Бөлүнө турган 25 млн доллардын жарымы — грант. Бул каражат 1,7 млн доза вакцина, шприц жана аларды утилизациялоо үчүн контейнерлерди сатып алууга жумшалат.

«АӨБдүн долбоору 760 миңден ашык адамды же Кыргызстандын 12%га чукул калкын эмдөөдөн өткүрүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор вакцина алууга жана мамлекеттин эмдөө программасын ишке ашыруу алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин потенциалын бекемдөөнү шарттайт», — деп белгилейт банк.

АӨБдүн президенти «эмдөө COVID-19дун жайылышын азайтуу жана пандемиянын мындан аркы жоготууларын алдын-алуу үчүн маанилүү» деп белгиледи.

Банк буга чейин да Кыргызстанга каражат бөлүп берген. Өткөн жылы АӨБ 71 млн доллар берген, анын 50 млн доллары — кредит. Аталган каражатты банк өлкөгө «өкмөттүн саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана экономикалык чараларын колдоо үчүн» берген.

Калган 21 млн доллар саламаттык сактоо тармагын бекемдөөгө, медиктер үчүн жеке коргонуучу каражаттарды жана башка жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн курган басма сөз жыйында бийлик 2021-жылы COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө 3 млрд сом (бул 35 млн доллардан ашык) жумшаганын билдирген.

Жапаровдун айтымында, 20 млн доллар вакцина сатып алууга кеткен. Бирок каражаттын булагын айткан эмес. Ага чейин Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктан алынган 20 млн доллар грант вакцина сатып алууга жумшалат деп билдирген.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстандыктарды эмдөө кампаниясы 29-мартта эле старт алганына карабастан, ал 11-июлда гана жигердүү башталган. Анткени ага чейин өлкөдө вакцина жок болгон.Өлкөгө вакцина алып келинсе да эмдөө темпи туруктуу көбөйгөн эмес. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, күз мезгилине чейин күнүнө 15-20 миң киши эмделип жаткан болсо, учурда — 1-2 миң киши гана эмделүүдө. Бул жөнүндө ал 4-октябрда «Биринчи радионун» эфиринде айткан.

Кыргызстанда учурда Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В», америка-германиялык Pfizer жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Ошондой эле, мамлекет гумжардам катары казахстандын QazVac жана кытайдын Sinovac вакциналарын алган.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 29-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын эки дозасын тең 738 миңден ашык киши алды. Бул өлкөнүн 6,6 млн калкынын 11%ы.

Ал эми препараттын биринчи дозасын 969 миңден ашык адам алган — бул жалпы калктын дээрлик 15%ы.

Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөргүсү келет.

«Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт», — деп билдиришкен 5-августта Республикалык штабдан.