Министрлер кабинети маданият тармагынын, эс алуу жайларынын, машыгуу залдарынын тейлөө кызматкерлерин жугуштуу ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы эмдөө алууга милдеттендирди. Бул тууралуу 28-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министрлер кабинети 2001-жылы кабыл алынган «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.
«Көрсөтүлгөн токтом аркылуу республика аймагында жугуштуу ооруларды жуктуруп алуунун жогорку тобокелдигине байланышкан жана алдын алуу эмдөөлөрүн сөзсүз жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеги бекитилген», — деп айтылат саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.
Милдетүү эмделиши керек болгон адистердин тизмесине алгач жугуштуу оорууларга чалдыккан бейтаптарды тейлеген жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери кирген болчу.
Эми болсо ага музей, көргөзмө зал, китепкана, спорт ордо, театр, концерттик зал, маданий жана оюн-зоок мекемелер, балдар оюн аянттары, балдар лагерлери, дене тарбия жана ден-соолук чыңдоочу комплекстер менен фитнес-клубдардын кызматкерлери кирди.
«Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу түзүлгөн абалды эске алуу менен маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер мындан ары эмдөөдөн, анын ичинде COVID-19 каршы эмдөөдөн өтөт», — деп белгилешти министрликтен.
Милдеттүү эмдөө
11-июлда старт алган массалык вакцинация башталганга чейин эле саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасында иштеген кызматкерлердин баарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.
Кийин, 15-июлда бийлик калкты эмдөөдөн өткөрүүнү тездетүү максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүнү киргизген.
«Вакцинациянын темпин тездетишибиз керек. Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери калкты эмдөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алышы керек. Вакцинациянын маанилүүлүгү жөнүндө жарандарга сапаттуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл» — деп билдирген ошондо Республикалык штабдын башчысы.
Буга чейин 18-июлда Акыйкатчы институту өлкөдө жарандарды маяналарын азайтып же жумуштан алуу коркутуусу менен эмдөөдөн өтүүгө мажбурлоо учурлары бар экенин билдирген. Анда укук коргоочулар бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме башчыларын өз кызматкерлерин мажбурлабоого чакырган.
Ошондой эле алар Саламаттык сактоо министрлигине «кыргызстандыктар эмдөөгө өз ыктыяры менен келиши үчүн» калк арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү сунушташкан.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын алып, өлкөдө эмдөө мурдагыдай эле ыктыярдуу экенин жана «эч ким кимдир бирөөнү мажбурлоого укугу жок» деп билдирген.
Кыргызстандагы эмдөө
Кыргызстандыктарды эмдөө кампаниясы 29-мартта эле башталганына карабастан ал 11-июлда гана жигердүү башталган. Анткени ага чейин өлкөдө вакцина жок болгон.
Өлкөгө вакцина алып келинсе да эмдөө темпи туруктуу көбөйгөн эмес. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, күз мезгилине чейин күнүнө 15-20 миң киши эмделип жаткан болсо, учурда — 1-2 миң киши гана эмделүүдө. Бул жөнүндө ал 4-октябрда «Биринчи радионун» эфиринде айткан.
Кыргызстанда учурда Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В», америка-германиялык Pfizer жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Ошондой эле, мамлекет гумжардам катары казахстандын QazVac жана кытайдын Sinovac вакциналарын алган.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 29-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны 738 миңден ашык киши алды. Бул өлкөнүн 6,6 млн калкынын 11%ы.
Ал эми препараттын биринчи дозасын 969 миңден ашык адам алган — бул жалпы калктын дээрлик 15%ы.
Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөргүсү келет. «Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт», — деп билдиришкен 5-августта Республикалык штабдан.