Бир кадр менен: Садыр Жапаров COVID-19га каршы вакцина алды

Президент Садыр Жапаров 23-июлда COVID-19га каршы эмделди.

Президент Садыр Жапаров Sinopharm вакцинасын сайдырды. Сүрөт: Клооп

Вакцина алгандан кийин Жапаров өлкө жарандарын дагы коронавирустан эмделүүгө чакырды.

Жапаров Sinopharm кытай вакцинасынын биринчи дозасын алды. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы Жапаров антилолорунун көрсөткүчү жогору болгондуктан эмделе электигин билдиришкен.

Андан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы ушул эле версияны айтып чыккан. Анда ал эгерде президенттин антилолорунун көрсөткүчтөрү азайса, анда ага эмдөө алууну сунуштаарын кошумчалаган.

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана, коронавирустун үчүнчү толкунунун жүрүп жаткан шартта араң июль айында башталган.

Sinopharm келгенден кийин көп өтпөй президент мамлекеттик ведомстволорго мамкызматкерлерден баштап айыл өкмөткө чейин бардыгын эмдөөдөн өткөрүүнү тапшырган. Муну менен бирге өлкө боюнча 900 эмдөө түйүнү ачылган, ал жерде каалоочулардын бардыгы эмделсе болот.

Учурда кыргызстандыктарга вакцинанын үч түрү жеткиликтүү: Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 22-июлга карата өлкө боюнча 421 293 адам вакцина алды.