COVID-19. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн милдеттүү эмдөө киргизилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашова 15-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кезектеги жыйын өткөрдү. Ал калкты эмдөөнүн ылдамдыгын күчөтүү керек экенин баса белгиледи.

«Вакцинациянын темпин тездетишибиз керек. Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери калкты эмдөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алышы керек. Вакцинациянын маанилүүлүгү жөнүндө жарандарга сапаттуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл» — деп билдирди ал.

Штабдын отурумунун жыйынтыгында Бакашова маморгандарга бир катар тапшырмаларды берди. Ага ылайык, маморган жетекчилерине, министрлер кабинетинин облусттардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарынын мэрине чукул арада мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөө боюнча ишти уюштуруу тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • күн сайын калкты массалык эмдөө процессине мониторинг жана балоо жүргүзүүгө;
  • вакциналардын температуралык режимин, сакталышын жана ташылышын камсыздоого;
  • үч күндүн ичинде вакцина алган жарандардын реестрин жана онлайн-каттоо киргизүүгө милдеттүү.

Ал эми ӨКМге эмдөө пункттарында иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди тамак-аш менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Кыргызстанда калкты эмдөө өнөктүгү 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок, анын активдүү фазасы 12-июлда, өлкөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келгенден кийин башталган.

Андан кийин бийлик өлкө боюнча 900гө чукул эмдөө түйүнүн ачты, ал жерден каалаган адам вакцинаны акысыз сайдырса болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-июлга карата вакцинанын биринчи дозасы 157 миңден ашык адамга сайылган — бул өлкө калкынын 2%га жетпегени.

Буга чейин бийлик саламаттык сактоо тутумунун бардык кызматкерлерин COVID-19га каршы эмдөө алууга милдеттендирген.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 144 958 учуру катталган. 2 143 адам каза болгон.