Бүүсара Жайнакова. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Баткендин Лейлек районунун чек арага чектеш Максат айылынын 42 жаштагы тургуну Бүүсара Жайнакова күн сайын таң эрте ойгонуп, дароо эле терезеге баш багат. Ылай дубалдан тажик коңшулары өз иши менен алек экенин көрүп, көңүлү жай ала түшөт.

Азыр анын сарайында мурдагыдай ызылдаган мал-жандыктары да жок. Жымжырттык. Аял жаздыгынын түбүнө коюп жатып үйрөнгөн үй-бүлөсүнүн документтерин өйдөгө алып, өзү жоолугун түздөп салып үйүнөн чыгат. 2021-жылдын апрелиндеги куралдуу жаңжалда, күйүп күл болгон дүкөнүн карап бир саамга ойлонуп отурат.

Анткени Жайнакованын үй-бүлөсү дүкөндү иштетип, киреше тапчу. Эми мынтип алты айдан бери аялдын экинчи топтогу майыптыгы үчүн төлөнгөн 2 300 сом өлчөмүндөгү пенсиясына жана эки уулу үчүн 1 800 сомдон алган жөлөк пулуна күн көрүп жатышат. Ал эми 20 жылдан ашуун эмгек миграцияда жүргөн жолдошу аялынын ден соолугуна байланыштуу эки жылдан бери Орусияга да барбай калган.

Жайнакованын күйүп кеткен дүкөнү жана чакан үйү. Анын айтымында, дубалдарды президент Садыр Жапаров Максат айылына келээрге жакын актап кетишкен. 

Жайнакованын майып болушуна чек ара жаңжалы себеп болгон. 2019-жылдын сентябрында талаада кыргыз-тажик аскерлеринин ок атышуусу орун алган. Атышуудан балдарын жана документтерин алып качып баратканда аялдын мойнуна ок тийген.


«Эч нерседен бейкапар, дүкөндө соода кылып отурганбыз. Бир карасак эле аскерлер көбөйүп, танкаларды алып чыгышкан […] Бир маалда эле мойнумдан ысык бир нерсе акты. Карасам кан экен. Анан бир колумдун да жаны жоктой болуп калды. “Иий ок тийген турбайбы” деп, балдарыма айтпай эле башымдагы жоолугумду дароо мойнума бастым да чуркап кете бердик», — деп эскерди ошол күндү Жайнакова.


Анын айтымында, ок кошунасына, жолдошуна жана баласына да тийген. Жаракат алгандар жардам келишин ок атышуу токтогончо сай ичинде күтүшкөн.


«Ар кимге чалып жаттык бизге ок тийди деп. Баары “ок мөндүрдөй жаап жатат, чыга албайбыз, эптеп чыдап тургула, жаныңарга бара албайбыз” деп жатышты. Ошентип эле турсак 3-4 эркек келип, “Жигулиге” салып Бешкент ооруканасына алып барды. Ал жактан кан басымды өлчөп Исфанага, андан кийин Баткенге, андан соң Бишкекке бардык», — деп айтып берди ал.


Аял жана анын коңшулары №4 Бишкек шаардык ооруканасында дарыланышкан. Жайнаковага профессор Сабырбек Жумабеков операция жасап, ал бир жумадай жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

2019-жылдын 16-сентябрындагы ок атышуу такталбаган аймакка тажик тарап курулуш жүргүзгөнүнөн улам келип чыккан. Анда кыргызстандык 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов окко учуп, 13 киши жаракат алган.

«Жапаров тапшырган 100 миң сомду карыздарга төлөдүк»

Жайнакованын үй-бүлөсү үчүн жаңы салынган үй. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Апрель айындагы акыркы конфликтте бактыга жараша Жайнакова үй-бүлөсү менен качканга жетишип калган. Куралдуу жаңжал токтогон соң кайтып, дүкөнүнүн, чакан үйүнүн жана үйүнүн күйүп күл болгонуна, буюмдары тонолуп, мал-жандыктары уурдалганына күбө болушкан.


«Эч нерсебиз калбаптыр. Ыйлап жаман болдук. Кайра эле анан элим келип “ыйлабагыла биз силер мененбиз” деп жардамын берип, бизге көңүл айтты. Анан ошолор менен өзүбүзгө келдик, үмүт ойгонду», — деди ал.


Алты ай бою чатырда күн кечирген үй-бүлө жаңы курулган үйгө кирип жашай баштаганына эки жумадай болду. «Үй мурдагыга караганда чоң болгону менен, өзүбүздүкүнө окшобойт экен» дейт алар.

Жаңы көчүп кирген үйдүн ичи. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Жайнакова учурда аларга биринчи кезекте көмүр, андан соң жылуу кийимдер керек экенин айтып, «бийлик жеке ишкерлерге убадаланган компенсацияны төлөп берсе жакшы болмок» деп билдирди. Ал эми «эмерек сатып алуу үчүн» деп президент Садыр Жапаров тапшырган 100 миң сомду карыздарына төлөгөнүн айтты.

Ошондой эле ал көмүр аймакта казылганына карабай кымбат экенине нааразы болуп, чек ара чырында жабыркагандарга «жеңилдиктер берилсе» дейт.

«Өтүк, куртка ала элекмин өзүм. Балдарга ала элекпиз. Гумжардам кылып жазгы кийимдерди эле беришкен да. Антип-мынтип эле жашап атабыз. Кийим алыш керек… Билбейм ойлонуп отурабыз. Дүкөнгө компенсация төлөп берсе аны ачып, иштетип, керектүүлөрүбүздү алып жан баксак болот эле», — деди ал.

Өкмөт чек ара чырында жабыр тарткан ишкерлерге жана мал-мүлкүнөн ажырагандарга 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин кенемте төлөнөөрүн убадалаган. Мындан сырткары аларга 0,1 пайыздык күрөөсүз насыяны сунуштаган.

Жаңжалда бизнеси жабыркаган 76 ишкердин 54үнө 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилген. Ошондой эле буга кошумча 44 жаран үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомдон насыя алган.

Облустук администрациянын экономика жана региондук комплексти өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Арген Айдаровдин айтымында, калган 22 жарандын салык төлөгөнү боюнча маалымкаты жана патентинин көчүрмөсү болгон эмес. Мындан улам аларга кенемте берилген эмес. Компенсация албай калгандардын арасында Жайнакова да бар.

«Аталган документтер министрлер кабинетинин жабыр тарткандарга зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун үчүнчү жобосунун 3-4-пункттарында талап кылынат. Ушул пункттарды жокко чыгарууну сунуштап өкмөткө кат жолдогонбуз», — деп түшүндүрдү Айдаров.

«Эң биринчи чек ара маселесин чечүү керек»

Максат айылынын кире бериши. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Бирок Жайнакова айтылган көйгөйлөрдөн да мурда «эң негизгиси тынчтык болсо» дейт. Аял чек арадагы чырлардан улам тынч уйку жоктугун, мындан улам бир иш кылууга колдору барбаганын айтат. Ал быйыл кышкыга компот-кыям да камдаган эмес.


«Эң биринчи чек ара маселесин чечүү керек. Айтып жатам го, жашаганга коркуп калдык да. “Өрттөп салабы, кол салабы” деген коркуу менен жашайбыз. “Тоноп, өрттөп кетсе дагы калат да” деп. Бир мындай кеңири жумуш кыла албайбыз, колубуз ишке барбайт», — деп түшүндүрдү ал.


Анткен менен бир нече конфликттерди баштан өткөрсө да, Бүүсара Максат айылынын башка тургундарындай эле бөтөн жерге көчүп кетүүнү каалабайт. Ал тескерисинче «бийлик жаштарды айылда алып калуунун амалын табышы керек» деген пикирде.

Максат айылындагы жаңы курулган үйлөр. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

«26 жылдан бери жашайбыз. [...] Айла жок, жерибизди бергибиз келбейт. А жаштар “коркуп калдык” деп кете башташты. Бийлик тескерисинче аларды кетире койбой кызыктырып, жардам берип алып калышы керек», — деди ал.

Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Учурда Жайнакованын эң негизги тилеги жана талабы — бийлик чек араны тактап, тосуп берсе.


«Коркуп-үркүп жашагандан көрө бир туурам нан жесек дагы тынч жашасак болду. Башында үй салынат дегенде эки кабат кылып, сыртын алтындан кылса да тынчтык болбосо кереги жок деп айткам. Себеби беймарал жашоо керек да үйдө. Кыздарым, балдарым бойго жетип калды», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Апрелдин аягындагы чек ара жаңжалында Максат айылында 89 үй жана соцобъекттер өрттөлүп, буюмдар тонолуп, мал-жандык уурдалган. «Тажикстандын аскерий агрессиясынан» 172 киши жарадар болуп, 36 адам каза тапты — анын экөө жаш бала. Жаңжал маалында Баткен жана Лейлек райондорунун 40 миңден ашуун тургуну эвакуацияланган.