Чек арадагы жаңжалда каза тапкан жана жарадар болгондор бар. Дагы эмне белгилүү?

16-сентябрь күнү кечинде Баткен облусундагы Лейлек районунун кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен жаңжал чыкты. Кыргызстандын чек ара кызматы 17-сентярбрдын таңына карата берген маалыматында кырдаал «салыштырмалуу туруктуу» деп кабарлады. Кыргыз-тажик чек арасында «адамдар топтолгон жок».

Кыргыз бийлиги чыр-чатакта Равшан Муминов аттуу аскер каза тапканын билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 13 адам жаракат алган, алардын арасында 12 жаштагы бала бар. 17-сентярбрда 11 жабырлануучу Бишкектеги ооруканага жеткирилди, алардын үчөөсү оор абалда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрүп, каза тапкан атайын даярдыктагы отряддын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Баткен облусуна өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жениш Раззаков, ошондой эле мамлекеттик чек ара кызматынан башчысы Уларбек Шаршеев жөнөп кетишти. Абылгазиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, андан тышкары чек арадагы курчуп кеткен кырдаалга байланыштуу бийлик менен кеңешме өткөрөт.

Парламенттин спикери Дастан Жумабековдун тапшырмасы боюнча Баткен облусундагы окуя болгон жерге башында төраганын орун басары Мирлан Бакиров турган депутаттардан түзүлгөн топ жөнөп кеткен.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 16-сентябрда чек арадагы кырдаал боюнча тажик кесиптеши Сирожидин Мухриддин менен сүйлөшкөн. Айдарбеков «тажик аскерлеринин курал-жарак колдонуулары туура эмес экендиги жөнүндө» билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, тажик аскерлери биринчилерден болуп курал колдонушкан: алгач Максат кыргыз чек ара постун, андан кийин Сай убактылуу чек ара постун аткылашкан.

Бирок Тажикстандык тарап чек арадагы абал кыргыз аскерлеринин айынан курчуп кеткенин билдирген. Тажикстан УКМКсынын чек ара аскерлеринин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар 16-сентябрь күнү кечинде «мурда кол коюлган келишимге карабастан, белгисиз курулманы» кура башташкан.

«Андан соң алар чагымчыл аракеттерге барышып, саат 19:00дө Бахор махаллясынын куралсыз жарандарына ок чыгарышкан, натыйжада Тажикстандын бир нече жараны октон жарадар болушкан», — деп билдиришкен тажик аскерлери.

Алардын маалыматына ылайык, жалпысынан 12 адам жарадар болгон.

Тажикстандын Asia-Plus басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып үч адам каза тапканын кабарлаган.

ТЕМА БОЮНЧА: