БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко даттанды

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда Бишкектин Административдик сотунун парламент спикери Талант Мамытовдун иши боюнча чыгарган чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Талант Мамытов.

Мындан бир күн мурда Административдик сот спикерди депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартуу жана аны «Ынтымак» партиясынын тизмесинен чыгаруу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган.

БШК «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык талапкер мамкызматтан кетиши керек. Бул мыйзам президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына карата иштебейт.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарынын катарына киргизилген», — деп баса белгилешти БШКнын маалымат кызматы.

Эмне болгон?

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон 24-октябрда баш тарткан.

Ал «Ынтымак» партиясынан көрсөтүлүп жатат. БШК каттоодон баш тартууга анын парламенттеги спикерлик кызматын тапшырбаганы себеп болгонун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган мамкызматкер үгүт маалында кызматын тапшырышы керек болчу.

Ал арада «Ынтымак» партиясы Боршайком мындай чечимди “процессуалдык ченемдерли одоно бузуу менен” кабыл алганын билдирген. Партиядан маалымдашкандай Мамытов депутаттыкка талапкерлигин койгонуна байланыштуу спикерлик ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага өткөрүп берген. Партиядан ыйгарым укугу вице-спикерге өткөнү тууралуу кат жүзүндөгү билдирме БШКга «өз убагында, жыйынга чейин» келип түшкөн деп ишендирүүдө.

Ошондой эле «Ынтымактан» «учурдагы мыйзам Жогорку Кеңештин төрагасына кызматтык ыйгарым укуктарын токтотпойт туруп шайлоого катышууга мүмкүндүк берерин, себеби, спикер БШКнын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган сыяктуу эле, депутаттардын арасынан шайланат деп белгилешкен».

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.

Дагы окуңуз:

Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

БШКнын Талант Мамытов боюнча чечими жокко чыкты