Лейлек: Чек арага чектеш Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы 4-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат «заманбап типте курулган». Анын бир тарабында милиция кызматкеринин иш бөлмөсү жайгашып, ал эми экинчи тарабы бир үй-бүлө жашашы үчүн керектүү буюмдар менен камсыздалган.

Имараттын ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облустук милициянын башчысы Мурат Боронов, айыл башчылар жана жергиликтүү тургундар катышкан.

«Коопсуздукту сактаган милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү бул пункта күнү-түнү болот. Жарандардын арызын, кайрылууларын, даттанууларын кунт коюп угуу — бул биздин түздөн-түз милдетибиз болуп саналат. Кайсы гана учурда кайрылбаңыздар милициянын ыйгарым укуктууу өкүлүн ушул жерден жолуктурасыздар», — деп билдирди Боронов.

Ошондой эле Арка-2ге жакын жайгашкан Борбордук айылында Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имараты ишке берилди. Борбор ИИМ, «Эл аралык толеранттулук үчүн» коомдук фонду, Saferworld уюму жана АКШнын элчилигинин кызматташуусунун колдоосу менен курулду.

«Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте иш алып барышат. КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр ажыратылып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган», — деп билдиришти облустук милициядан.

Коомдук алдын алуу борбору арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жергиликтүү тургундардын арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо менен аларды чечүүгө аракет жасайт.

Лейлектин Арка-2 жана Борбордук айылдары кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан. Үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалда аталган айылдарда ондогон үй жана май куючу жайлар өрттөнгөн.

Ал эми коңшу Максат айылында жаңжалда милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты өрттөнүп, үч айдан кийин капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.