Бир айылга 15 заправка, аткезчилик, депутаттар. Аркадагы май куюучу жайлардын таржымалы

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана «Т-Медиа» басылмасынын журналисти Арген Нуров кыргыз-тажик чек арасына чектеш Баткендин Арка айылындагы май куюучу жайлардын кимге таандык экени тууралуу иликтөө жарыялашты. Журналисттер Аркада бир кезде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу да заправка болгонун аныкташты.

Апрель айынын аягында Тажикстандын аскердик агрессиясынан улам Лейлек районунудагы 27 май куючу жай өрттөлгөн — анын дээрлик жарымы Арка айылында жайгашкан. Иликтөөчүлөр аталган айылдын 270 тургунуна бир заправка туура келерин белгилеп, алар кимге таандык экенин изилдешкен.

Арка айылындагы 11 заправка жергиликтүүлөрдүкү эмес

Журналисттер Арка айылындагы 15 май куюучу жайдын ээлерин изилдеп, алардын төртөө гана жергиликтүү тургун экенин аныкташты. Анын 14тү өрттөлгөн, ал эми аман калган «Партнер Нефть» АЗСи — ал «Инвект» компаниясына катталган. Айрым ЖМКларда «Партнер Нефть» компаниясы «Газпромнефть» ишканасына тиешелүү экени кабарланган. Бирок заправканын директору Аваз Кидибаев бул май куючу жайды бир ай мурда ижарага алышканын, «Газпромго» тиешеси жок экенин билдирген.

Арка айылында өрттөлгөн заправкалардын бири. Сүрөт: «Клооп»

Өрттөлгөн май куючу жайлардын бири «Кыргыз нефти жана газ өндүрүштүк компаниясы» ЖЧКсына таандык болгон. Журналисттер бул комапниянын артында кытайлык «Чайна Петроль Компани “Жунда”» турганын ачыкташты.

«Ал компаниянын Кара-Балтадагы “Жунда” заводу мунайды кайра иштетип, күйүүчү май өндүрөт. Бул завод 2020-жылдан бери иштебей турат, бирок ошого чейин Арка айылындагы заправкага ээлик кылып, өндүргөн бензинин тажикстандыктарга сатып турган», — деп айтылат иликтөөдө.

Депутаттарга жана Ташиевге караштуу май куюучу жайлар

Арка айылы. Сүрөт: «Клооп»

Арка айылында эки заправка Кара-Сууда катталган «Север-Югойл» ЖЧКсына таандык. Аны Алмазбек Тагаев негиздеген, ал эми жетекчи катары Абдибаит Тагаев көрсөтүлгөн.

Бирок журналисттер бул май куючу жайлардын чыныгы ээси башка болгонун билдиришти: 2021-жылдын 18-январына чейин заправкаларды Аккулу Бердиев жетектеп келген. Бердиев октябрдагы төңкөрүштөн кийин «Ресупблика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болуп келген.

«Биз депутат Аккулу Бердиевдин өзүнө фейсбуктагы баракчасы аркылуу кат жазып, бирок жооп ала элекпиз. Эгерде кандайдыр бир жообун айтамын десе, чакырып, маек курганга даярбыз», — деди Али Токтакунов.

Дагы бир нече май куючу жайларга «Петро-Ресурс» жана «Альянс Кэпитал» компаниялары ээлик кылат — алар Акылбек Маматовго таандык. Акылбек Маматов «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу.

*Буга чейин «Клооп» Маматовдордун үй-бүлөсүнө таандык бир эле «Альфа Ойл» акыркы беш жылда мамлекет менен мунайзат ташууга 3 800 келишим түзүп, 1 млрд сомдон ашуун пайда көргөнүн аныктаган.

Аркадагы заправкаларга тиешеси бар болгон депутаттар Бердиев жана Маматов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөлөрү. Бул комитет өлкөдөгү күйүүчү майга тиешелүү маселелерди да карайт.

Ал эми Маматовдун Аркадагы заправкаларынын бирине 2016-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын сентябрь айына чейин «Томас и Ко» компаниясы ээлик кылган. Ал убакытта компаниянын ээси Казыбек Ташиев болгон — ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы.

«Мен, мисалы, Томаста негиздөөчү эмесмин. Бирок “Томас сеникиби” десе “меники” дейм», — деп келтирди Камчыбек Ташиевдин 2014-жылы айткан сөздөрүн журналисттер.

Калган күйүүчү майды саткан компаниялар Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан. Дагы бир заправка банкрот болгондуктан ал «Айыл Банкка» өтүп кеткен.

УКМКнын Ташиев 26-марттагы брифингде Кыргызстандан Тажикстанга аткез жолу менен «бир литр күйүүчү май» өткөрүлбөй турганын билдирген. Анткен менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин да жүк ташуучу унаалар каттаган. Бул көрүнүш жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратып, чек арадагы контрабанданы токтотуу талабы бийликке кайрадан коюлган.

Тажикстандын Худжант шаарына агылган күйүүчү май

Журналист Арген Нуров Арка айылы жайгашкан Жаңы-Жер айыл өкмөтү Кыргызстандын эң алыскы аймактарынан болгонун билдирди. Мисалы, Арка менен Лейлектин борбор шаары Исфананын ортосунда 2 сааттык жол бар.

Ошол эле учурда коңшу Тажикстандын экинчи чоң шаары Хужанттан Арка айылына жарым саатта жетип барууга болот.

«Хужанттын калкын агломерациясын же айлана тегерегинде шаар-айылдарынын кошкондо 1 млн кишиге жетет. Алардын бардыгын тиричилик-муктаждыгын канааттандырып туруу керек эмеспи?» — деп суроо салган Нуров.

Ошол эле учурда Хужант шаары Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдөн 300 чакырым алыс, бул аралыкты унаа менен 5 сааттын ичинде жүрүп өтүүгө болот. Мындан сырткары Хужант-Дүйшөмбү автожолунда жүк ташуу үчүн жол акысын төлөө керек.

Иликтөөдө Кыргызстан жана Тажикстандагы майдын баасы салыштырылып, Кыргызстанда АИ-92 маркасындагы бензин 48-49 сомду түзсө, коңшу өлкөдө күйүүчү майдын баасы 62-63 сом турганы көрсөтүлгөн. Ал эми чек ара толугу менен такталбагандыктан Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май тоскоолсуз өтөрү айтылат.

*Мисалы, Борбордук, Достук, Жаштык жана Арка айылдарын тажикстандык Хистеварз айылынан бир гана Каннибад шоссеси бөлөт. Ал жерде чек ара бекеттери же заставалары жок.

«Бул айырманы контрабандисттер же кыйтырлыгы, бийлиги же таасири күчтүүлөр өз чөнтөгүнө түшүрүүгө тырышат. Ал үчүн түрдүү айла амалдар колдонулат», — деди Нуров.

Ал эми Арка айылынын тургундары өрттөлгөн заправкалардан көбүнчөсү тажик жарандар май куйдурганын билдиришти.

«[Тажик жарандар] кадимкидей заправкалардан күйүүчү майды куюп чыга берет. Кээ бир унааларга бир тонналык бактар коюлуп алган, ошолорду толтуруп-толтуруп куюп, чыгып кетет [...] Биздин өзүбүздүн Достук, Арка айылдарга бир заправка жетиштүү. Анан Жаштык айылына бир заправка жетиштүү, болду. Мынча заправканын эмне кереги бар? Бишкекте да мынча заправка жок мисалы [...] Мунун баарын Тажикстанга өткөрүп жатабыз да», — деди Арка айылынын тургуну Алимбек Нурилинов.

Ошондой эле тургундар айрым май куюучу жайлар бийликтеги адамдарга таандык болгонун белгилешти.

«Эми майдын контрабандасы тууралуу айта турган болсок [Камчыбек] Ташиевдин “3-7” деген заправкасы болгон. Негизинен бул заправкалардын ээлери өзү Лейлек, Баткенден эмес. Алар башка жактан болот да — Жалал-Абад, Ош, жадагалса Нарындан келгендер бар деп укканмын», — деди башка тургун Саатбек Эгембердиев.

Али Токтакунов Кыргызстан 2011-жылдан тартып Орусиядан келген бензин жана дизел-отунун пошлинасыз ала баштаганын эскертти. Токтакуновдун айтымында, Аркадагы май куюучу жайлар 2011-жылдан тарта көбөйө баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир үй-бүлө тапкан миллиард. Депутаттын уулу мунайзат ташып кантип байыды?

Баткен: УКМКнын эки кызматкерине аткезчиликке шектелгендер тарабынан ок атылды