Чек ара чырында кыйраган Максат айылынын мектеби толугу менен калыбына келтирилди

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Баткен облусуна болгон иш сапарында Лейлек районундагы Максат айылына барды. Ал жактан Марипов кыргыз-тажик куралдуу жаңжалынын кесепетинде жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, турак жайлардын жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

Мариповдун айтымында, Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилди, ал «1-сентябрдан тартып окуучуларды кабыл алууга даяр».

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, азыркы учурда Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жалпысынан Лейлектин Максат айылында 83 турак жай курулмакчы.

Чек ара чыры

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотулганын билдиришип, бирок элдешүү келишими кайра тез бузулган. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күчтөрү менен каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жерлерине алып кетүүнү жыйынтыкташкан.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги кылмыш иштери козголгонун айтып, чырды баштоого бири бирин айыпташкан.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 154 адам жабыркаган. Таджкистандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.